Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

ШКУ жыйынында Ооганстан маселеси талкууланат


ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттери
ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттери

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, ШКУнун жыйынында Ооганстандагы “өтө чыңалган абал” каралат. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун 22-июндагы маалыматы боюнча, Ооганстанда 60 миңдей жоочу аскердик аракеттерди жүргүзүүдө. Алардын ичинен 10 миңи “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга ыктагандар. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери 23-24-июнда Ташкендеги саммитке чогулушат. Ушаковдун айтымында, Иранды ШКУга кабыл алуу маселеси да талкууланат. Аны кабыл алууга тоскоол боло турган эч нерсе жок. Ал эми Индия жана Пакистандын уюмга мүчөлүгү келерки саммитте ишке ашууга тийиштигин Ушаков кошумчалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG