Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Нарындагы сел каптаган айылдарга спикердин фондунан акча бөлүндү


24-июнда Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун аймагындагы сел жана суу каптоолор болгон аймактарга барып, акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалым болгондой, Турсунбеков Нарын аймагындагы суунун көлөмүнүн жогорулашынан улам зыянга учураган каналдар жана жолдорду барып көргөн. Натыйжада төрөга өзүнүн фондунан Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө жана Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө 100 миң сомдон, Ат-Башы айыл өкмөтүнө 50 миң сом акчалай жардам берди. Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларын жүргүзүүдө Жарандык коргонуу комиссиясынын күчтөрү жана техникалык каражаттары жетишсиз экенин белгилеп, тиешелүү тараптарга маселе коюлуп, тапшырмалар берилерин айтты.

15-16-июнда Нарын облусундагы тынымсыз жааган жаандан улам, тоодогу мөңгүнүн эриши тездеп, облустун бир катар аймактарындагы көпүрөлөрдү суу алып кеткен. Мындан сырткары Нарын дарыясындагы суунун көлөмү кескин жогорулап, дарыя жээгинде жайгашкан турак үйлөргө коркунуч жараткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG