Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Боршайкомдун жаңы курамы ишин баштады


Нарын. Шайлоо.
Нарын. Шайлоо.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы иштей баштады. Кечээ алгачкы жыйын өтүп, комиссиянын жетекчиси жана орун басарлары шайланды.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Боршайкомдун төрайымдыгына Нуржан Шайлдабекова шайланды. Ага өз добушун БШК мүчөлөрүнүн баары берди.

Ал эми орун басарлыкка Абдыжапар Бекматов менен Атыр Абдрахматова шайланды.

Жаңы жетекчи БШКнын иши Конституциянын негизинде, ар бир шайлоочунун укугун камсыз кылуу багытында ачыктык, көз карандысыздык принциптеринин негизинде жүргүзүлөрүн убада кылды.

Кыргызстанда Боршайком 12 мүчөдөн турат. Алардын төртөөнү президент, төртөөнү парламенттеги көпчүлүк коалиция жана калган төртөөнү парламенттик оппозиция көрсөтөт.

Кесиби боюнча юрист Нуржан Шайлдабекованын талапкерлигин президент сунуштаган. Буга чейин ал президенттик аппаратта жетекчи орун басары болуп иштеген.

Юрист, укук коргоочу Атыр Абдрахматованы "Республика Ата-Журт" фракциясы, экс-депутат Абдыжапар Бегматовду "Бир Бол" фракциясы көрсөткөн.

Боршайкомдун буга чейинки курамынын мөөнөтү 4-июлда аяктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG