Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 00:14

Ангела Меркель 13-14-июлдаКыргызстанга расмий сапар менен келет. Аны президент Алмазбек Атамбаев чакырган. Сапар алкагында Меркель менен Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча бир катар маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Герман канцлери менен Кыргызстандын президенти биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Немис канцлери ошондой эле иш сапары алкагында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өлкөнүн жарандык коомчулугу менен жолугушат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG