Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Ангела Меркель Кыргызстандагы дин ишмерлери менен жолугушат


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга жасаган иш сапары учурунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана епископ Даниил баштаган жети диний, этникалык уюмдардын башчылары менен жолугушат. Сүйлөшүүнүн негизин Кыргызстандагы улуттар аралык ымала жана диний эркиндик темалары түзөрүн муфтияттан “Азаттыкка” билдиришти.

Ангела Меркель президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар жасайт. Ал бийлик башындагылар менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жана аны тереңдетүү боюнча сүйлөшөт. Андан тышкары, эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер жаатында пикир алышат. (SE)

XS
SM
MD
LG