Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

НАТО: "Кансыз согуш" кайталанбашы керек


НАТО жетекчилери.
НАТО жетекчилери.

Варшавада НАТОнун саммити башталды. АКШ президенти Барак Обама Financial Times гезитинде 8-июлда жарык көргөн комментарийинде бул жолку каадалуу жыйын "кансыз согуш" аяктагандан берки альянс үчүн эң маанилүү учур болуп калышы мүмкүн деп белгиледи. Варшава саммити кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Обама үчүн акыркы болуп калмакчы.

"Орусиянын Украинадагы агрессиясы бүтүн, эркин жана тынч Европага коркунуч туудурууда" деп белгилейт Обама гезитке жарыяланган макаласында.

АКШ президенти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун кол салууларынан Орландо менен Парижден, Брюссель менен Стамбулга чейин НАТОго мүчө мамлекеттерде бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылып жатканына, Британиядагы референдумдан улам пайда болуп жаткан жаңы жагдайларга, Европага мигранттар агымын күчөткөн Африка, Сирия, Ооганстандагы жаңжалдарга токтолду.

“Биздин өлкөлөр саясий эркин көргөзүп, бул олуттуу проблемаларды жөнгө салуу үчүн конкреттүү милдеттенмелерди алат деп ишенем”, - деп жазат америкалык жетекчи.

Польша баш калаасында Обама Европа Биримдигинин жетекчилери, анын ичинде Британия шаркеттен чыгууну колдогон добуш берүүдөн кийин кызматынан кетип жаткан премьер-министр Дэвид Кэмерон менен жолугушмакчы.

Обама ЕБ менен Британия өз ара мамилелердин жаңы тартибине ырааттуу өтөрүнө ишенерин билдирди.

АКШ лидери Орусия Украина чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимдеринин бардык пункттарын аткармайынча санкцияларды калтыруу керектигин билдирди жана Киевге суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого жардам берилерин ырастады.

Орусиянын Украинага кийлигишүүсү альянстын чыгыштагы мүчөлөрүнүн, Польша, Балтика жумурияттарынын камтамасын күчөттү,- деп белгилейт Обама.

Барак Обама Варшавада "биз НАТОнун ар бир мүчөсүн коргоо милдети каралган беренени аткарууга даярдыгыбызды кайталоого тийишпиз", деп билдирди.

Жыйын алдында өткөн эксперттер форумунда альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг мүчө-мамлекеттер 1 миң аскерден турган 4 батальонду Польша жана Балтика өлкөлөрүнө жайгаштыруу чечимин кабыл алышарын ырастады.

Ошол эле маалда Столтенберг НАТО ири коңшу жана Европадагы коопсуздуктун бир бөлүгү болгон Орусия менен конструктивдүү диалог жүргүзүү жолун издөөнү улантарын, аскердик блок тирешүүнү каалабасын белгиледи.

- "Кансыз согуш" тарыхка таандык жана тарыхта эле калууга тийиш, - деди Столтенберг.

Батыш өлкөлөрү Орусия Европа Биримдигин ичтен иритип, Батыштын биримдигине шек келтирүү үчүн аскердик күч менен бирге кибер чабуулдарды, үгүттөөнү колдонуп жатат деп эсептешет.

Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТОнун Орусия коркунучу жөнүндө сөз кылып жатышын абсурд деп атап, саммитте “акыл-эс” үстөмдүк кылат деп үмүттөнөрүн билдирди.

- Москва дайыма диалог үчүн ачык жана кызматташууга кызыкдар болуп келген. Бирок ал кызматташууда эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынууга тийиш, - деди Песков 8-июлдагы маалымат жыйынында.

Варшава жолугушуусунда Украина же Грузиянын блокко кошулуусу багытында олуттуу аракеттер жасалбайт.

Грузия – блокко кошулуу үчүн арыз тапшырган өлкө. Саммитте белгиленгендей, учурда аскердик уюм жаңы өнөктөштөрү менен чогуу иштешип, куралдуу күчтөрүн реформалап, заманбап деңгээлге жеткирүү, НАТОнун стандарттарына төп келтирүү аракеттерине көмөктөшүүдө. Ал эми Украинанын жагдайы бир аз айырмалуу. Киев реформаларга көбүрөөк көңүл буруп, альянска кошулуу арызын азырынча тапшыра элек. Бул арада коргоо тармагын модернизациялоо жана реформалоо багытында аракеттер улантыла бермекчи.

Ал эми бул саммитке байкоочу катары катышып жаткан Монтенегро НАТОго эмки жылы кирип калышы ажеп эмес.

Обама ошондой эле Financial Times гезитиндеги комментарийинде эмки январдын аягына чейин Ооганстанда 8 миң 400 аскерди калтыруу чечиминен кийин башка өнөктөштөр да ооган күчтөрүн машыктыруу миссиясына көбүрөөк салым кошоруна ишенерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG