Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Аксыдагы талаштуу тилке Өзбекстандыкы болуп чыкты


Талаш жараткан тилке
Талаш жараткан тилке

Аксы районунун Сөгөт айылында Өзбекстан менен буга чейин талаш жаратып жаткан чек арадагы тилке Өзбекстанга таандык болуп чыкты. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов “Азаттыкка” билдирди.

- Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2001-жылы жерди өлчөө иштери жүргүзүлүп, №8 протокол менен №97,98 участкалар такталган. Кийинчерээк 2003-жылы бул жер өкмөттүн №12 протоколу менен бекитилген. 2006-жылы болсо ошол учурдагы өлкө башчысынын Ташкентке жасаган иш сапарынын алкагында мамлекет башчылары кол койгон, - деди Кутманов.

Кутмановдун айтымында, ошол себептүү кыргызстандык жарандар иштетип келген ал жер өзбек тарапка тиешелүү болуп чыкты. Бирок бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде каралып дагы такталмайынча ал участкага эч ким кирбейт.

Ушул жылдын 28-июнь күнү кыргыз атуулдары пайдаланып келе жаткан чөп жайыт жерге өзбек чек арачылары кирип, аларды чыгарып салышкан. Бул окуядан соң эки тараптан тең жумушчу комиссия иштей баштаган.

Бирок Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Керимкулов талаш жараткан 2,5 гектар жер айыл өкмөттүн карамагында экенин айтып, аны жарандар пайдаланып келе жатканын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG