Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Алыскы аймактардын дарыгерлери Түркиянын тажрыйбасы менен таанышууда


Кыргызстандын алыскы аймактарынан 18 медицина кызматкери бул күндөрү Түркиянын тажрыйбасы менен таанышууда. Көбүнчө республиканын түштүк облустарынан, Баткен, Лейлек, Кадамжай, Өзгөн райондорунан доктурларды Түркияга бул өлкөнүн медициналык уюмдар ассоциациясы чакырган. Кыргыз тараптан аларга "Кербен трэвл" компаниясы колдоо көрсөттү.

Компаниянын жетекчиси Кубатбек Наматовдун "Азаттыкка" айтуусунда:

- Борбордук врачтардын көбү алдыңкы технологиялардан дайыма кабардар болуп турат. Ал эми аймактардагылар бул мааниде артта калып калууда. Ошондуктан биринчи кезекте аймактардан дарыгерлерди алып келгенге аракет кылдык.

Кыргызстандан барган делегация менчик жана мамлекеттик ооруканаларды кыдырууда. Максат - тажрыйба үйрөнүү. Негизинен алар онкология, жүлүндүн трансплантациясы, ЭКО сыяктуу маселелерге кызыгууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG