Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

АКШда Орусияга аскерий жабдык жөнөткөн жаран соттолду


Arc Electronic компаниясынын мурдагы ээси Александр Фищенко.
Arc Electronic компаниясынын мурдагы ээси Александр Фищенко.

Кошмо Штаттардын соту АКШдан Орусияга аскерий максатта колдонулчу техникалык жабдыктарды мыйзамсыз экспорттогону үчүн Arc Electronic компаниясынын башчысын он жылга эркинен ажыратты. Орус жана АКШ жарандыгын алып жүргөн 50 жаштагы Александр Фищенкого чыгарылган өкүмдү Нью-Йорктун федералдык соту 21-июлда жарыялады.

Өткөн жылы Фищенко Орусиянын пайдасына тыңчылык кылганын жана башка бир катар айыптарды мойнуна алган.

Александр Фищенко Хьюстондо жайгашкан Arc Electronic компаниясына ээлик кылып келген. Прокуратура белгилегендей, ишкана 2002-2012 жылдары Орусияга 50 миллион долларга экспорттоого тыюу салынган жабдыктарды жөнөткөн. Прокурорлордун маалымдашынча, Arc Electronic компаниясынын кардарларынын тизмесинде Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы да бар.

Компания жөнөтүп турган компоненттер ракета, детонатор жана радар системаларында кеңири колдонулат. Маалым болгондой, Arc Electronics жол чырак чыгарган компания катары иштеп келген.

XS
SM
MD
LG