Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Үркүндүн 100 жылдыгына арналган үч китеп чыгат


Үркүн тууралуу тартылган фильм
Үркүн тууралуу тартылган фильм

Китептер “Улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл” деген түрмөктүн алкагында чыгат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясына караштуу Тарых жана маданий мурас институтунун директору Акылбек Жуманалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда биринчи китепке архивдик материалдар кирет:

- Быйыл биздин архив агенттигинин кызматкерлери Санкт-Петербургга барып, бир топ документтерди алып келишти. Ошол документтердин негизинде китепке жаңы маалыматтарды киргизип, жаңыладык.

Жуманалиевдин айтуусунда экинчи жана үчүнчү китепке Үркүн тууралуу илимий эмгектер, баяндамалар жана эскерүүлөр, көркөм чыгармалардан үзүндүлөр басылат.

Президент Алмазбек Атамбаев Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөө тууралуу жардыкка кол коюп, жүз жыл мурунку кандуу окуянын себептери жана кесепеттери тарыхый жактан адилет баа алышы керек деп белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG