Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

Аба ырайы: чукул эскертүү


Өлкө боюнча ысык аба ырайынан кийин 28-июлда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетет.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

27-июлга карата аба ырайы:

27-июлда айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37,

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36 жылуу болот,

Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39 ысыйт,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 жылуу болот.

27-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 13-18 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 22…24°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG