Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 22:40

Иракта коррупцияга шектелген чиновниктерге чет өлкөгө чыгууга уруксат берилбейт


Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади коррупцияга шектелген бир нече парламент өкүлдөрүнө өлкөдөн чыгууга уруксат бербей койду. Абадинин администрациясы кабарлагандай, премьер 2-августта айыптардын чын-төгүнүн аныктамайынча аткаминерлердин "өлкөдөн чыгуусун убактылуу чектөө киргизүүгө" буйрук берди.

Абади баштаган өкмөт элдин нааразылыгына дуушар болуп келет. Күндөн-күнгө күч алган нааразылык акциялар өкмөттү реформаларды тездетүүгө, өсүп келаткан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG