Ирандагы укук коргоо уюмдары коопсуздук кызматкерлерине кол салган деп айыпталган 20 күрт согушкеринин өлүм жазасына тартылышын айыптап чыкты.
IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлаганына караганда, «Таухид» жана «Жихад» топторунун мүчөсү деген адамдар 2-августта дарга асылган. Алардын так саны белгисиз. Бирок укук коргоочулардын эсебинде, 10дон 20га чейин жетиши ыктымал.
Ирандын мамлекеттик телеканалы согушкерлер айыбын моюнуна алып сүйлөгөн видеону көрсөткөн.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 10дон кем эмес адам өлүм жазасына тартылды.
Жети миллион ирандык күрт бул өлкөнүн калкынын болжол менен 10 процентин түзөт. Алар негизинен Күрдистанда жана Ирак менен чектешкен башка түндүк-батыш провинцияларда отурукташкан. Күрттөрдүн көбү алар жашаган аймакка өзгөчө макам берүүнү талап кылып келишет. Соңку кездери бул жерде күрт согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу көп катталууда. (RK)