Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Ош: Дирекция курган дагы бир үй көчтү


Көчүп түшкөн жердин ичинен көрүнүшү.
Көчүп түшкөн жердин ичинен көрүнүшү.

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда.

45 батирлүү үй 2010-жылдагы июнь коогасынан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган эле. Бийликтер болсо жашоочуларды айыптоодо.

Ош шаарынын Анар кичи районундагы көп кабаттуу турак жайдын жерпайы менен жертөлөсүнөн аз күн мурдараак эле жарака кетип, айрым жерлери капыстан көчүп түшкөн.

Ошол күндү тургундардын бири Топчугүл Кашкалиева буларды айтып берүүдө:

Жарака кеткен эшиктер.
Жарака кеткен эшиктер.

- Түнүндө "тарс" деген добуш чыккан. Анан эмне болуп кетти экен деп, маани бербей эле кайра уктап калганбыз. Эртең менен турсак, жерпайдын асты көчүп кетиптир. Жертөлөнүн эшиктери ачылбай, астынан да, үстүнөн да 20 сантиметрден ажырап кетиптир. Эшиктер болсо такыр эле ачылбай калган. Полу да чөгүп кетиптир.

45 батирлүү үй 2010-жылкы июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган эле. 2012-жылы өкмөттүн токтомунун негизинде азиз жана кулагы укпаган жарандарга акысыз берилген. Бүткөнүнө жыл айланбай жатып эле айрым жерлери бузулуп, кайра оңдолгон.

Үйдөгү жаракалар.
Үйдөгү жаракалар.

Соңку кырсыктан улам тургундар үй толугу менен биротоло кулап калбайбы деп чочулап турушат. Жашоочулардын бири Уулкан Боронова буларга токтолду:

- Бул үйдү Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынан тендерден утуп алып “Сафари” деген фирма курган экен. Сыягы алар үйдү эптеп эле куруп салышкан окшойт. Сапаттуу болсо ушинтип көчүп кетмек беле? Фундаменттери туура эмес болгонунан жарылып, чөгүп кетип жатат да. Мурда дагы бир чекеси чөгүп кетип, оңдоп беришкен. Анан дагы кайталанды. Эми билбейм, дагы кайсы жагы көчүп кетет. Үйлөрүбүздүн сыртында деле жаракалар бар. Дагы бир күнү үй толугу менен "күп" этип түшүп калабы деп эле коркуп жатабыз. Кудай деп эле отурабыз.

Эки күндөн бери “Сафари” курулуш компаниясы үйдүн бузулган жерлерин оңдой баштаган. Бирок фирманын жетекчилиги жана өкүлдөрү жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ал тургай кеңсеси каерде экенин да айткысы келген жок. Ушул жерде иштеп жаткан усталардын бригадири, атын атагысы келбеген жигит:

- Мен эч кандай комментарий бере албайм. Биздин жетекчиликке баргыла, ошолор айтат баарын. Офисти өзүңөр таап алгыла, мен анын каерде экенин да билбейм.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү үйдүн бузулушуна жашоочулар өздөрү да айыптуу деп эсептейт. Бийликтердин айтымында, тургундардын шалаакылыгынын айынан түтүктөр толуп, натыйжада андан ашкан суулар дубалдарды тээп кеткен.

Жарылган түтүктөр.
Жарылган түтүктөр.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов мындай дейт:

- Жертөлөдөгү канализациялык түтүктөр таптакыр суу кетпей толуп калыптыр. Чукуп чыксак ичинен памперс, картошка, кыскасы ушуга окшогон нерселер чыкты. Ошондон улам ал түтүк, суу кудугу толуп, жанындагы жерди, дубалды нымдаштырып, өзү жарылып кеткен. Эми ал үй ошолорго биротоло берилгенден кийин, менчиги болуп саналгандан кийин биринчи кезекте алар канализациялык түтүктөрдү таза кармашы керек. Экинчиден, эгер бузулса ремонтту өздөрү жасашы керек эле. Бирок ошого карабай биз үйдү курган фирмага айттык, алар өздөрү оңдоп берип жатышат.

Мэрия өкүлдөрү ошондой эле бул кырсык жалпы үйдүн конструкциясына залакасын тийгизбегенин, кооптонууга негиз жоктугуна ишендирүүдө. Мэриянын кызматкери Мирлан Исраилов:

- Үй сапатсыз курулган, кокустан көчүп түшүшү мүмкүн деген сөз жалган. Туура эмес сөз. Бул жерде “Сафари” фирмасынын эч кандай айыбы жок. Кырсыктан кийин биз барып үйдүн ары жак, бери жагын толук текшерип келгенбиз. Конструкциясына эч кандай зыян кеткен эмес.

Үйдүн сыртынан көрүнүшү.
Үйдүн сыртынан көрүнүшү.

2010-жылкы коогалаңдан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган үйлөрдүн бузулушу биринчи учур эмес. Эки жыл мурда да жабырлануучуларга берилген 64 батирлүү үйдүн дубалдарынан жарака кетип, жерпайлары жана тротуарлары көчүп түшкөн.

Ал эми кеп болуп жаткан “Сафари” фирмасы Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү куруп, жыл айланбай ал дагы бузулуп, оңдолгон эле.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Сафари” компаниясы Абдиалим Исманов аттуу жаранга таандык. Бирок чыныгы ээси Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов экени айтылып келет.

Дагы бир кызык жагдай, Ош шаардык мэриясына караштуу «Ош шамы» гезити "Сафари" фирмасын "Жылдын мыкты курулуш компаниясы” деп атаган.

Мамдирекциянын үйү урай баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG