Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

АКШ: Тажикстан дин тутуу эркиндигин сактабай жатат


АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 10-августта кезектеги баяндамасын жарыялады. Дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалын иликтеген баяндамада Тажикстанда мусулмандарга эле эмес, протестант жана христиандарга да кысым көрсөтүлүп жатканы жазылып, «өзгөчө кооптуу» өлкөлөрдүн катарына киргизилди.

Тажик бийлигине Дин тутуу эркиндиги боюнча БУУнун атайын баяндамачысы менен Көз карандысыз юстиция уюмунун өкүлүнүн өлкөгө барышына шарт түзүүгө чакырык ташталган.

Комиссия тажик бийлиги динди ашкере көзөмөлдөп, жарандардын эркиндигин жана укуктарын бузууда деп сындады.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы дин тутууда чектөөлөр бар деген маалыматты четке кагууда.

Өлкө бийлиги 2009-жылы дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынгандан бери эл аралык уюмдар менен батыштын сынына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG