Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Климкин: Украина Орусия менен алаканы токтотууну көздөбөйт


Павел Климкин
Павел Климкин

"Украина Орусия менен дипломатиялык алаканы үзүүнү көздөбөйт" деп билдирди украин тышкы иштер министри Павел Климкин австриялык Der Standart басылмасына курган маегинде.

- Орусиялык агрессияга карабастан биз дипломатиялык мамилени колдоп келатабыз. Орусияда миллиондогон украиналык жашайт. Биз алар тууралуу кам көрүшүбүз керек. Эгер Орусия ошондой (дипломатиялык алаканы токтотуу - ред.) чечим кабыл алса, бул анын жоопкерчилигинде болот, – деди Павел Климкин.

Эки өлкө ортосундагы мамиле 10-августта Орусия "украин чалгынчылары Крымда диверсия, теракт даярдап жатат" деп билдирип, ага жооп катары Киев чек арадагы аскерлерин согуштук даярдыкка келтиргенден кийин чыңалып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG