Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Анкаранын колдоосуна ээ топтор Жераблус шаарын өз карамагына алышты


Түркия-Сирия чек арасы
Түркия-Сирия чек арасы

Анкаранын колдоосу менен Сириядагы оппозициячыл топтор бейшембиде өлкөнүн түндүгүндөгү Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен тазалап, аймакты өз карамагына алды. Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Фикри Ышык билдирди.

Министр Сириянын түндүгү толук экстремисттерден бошотулмайынча оппозициялык күчтөрдү колдоо улантыларын кошумчалады. Мурдараак Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым түрк армиясы аймактан бир эле террорчул уюмдарды гана эмес, күрттөрдү да сүрүп чыгууга даярдыгын билдирген. Анкара күрттөрдү Түркиянын Газиантеп шаарында болгон жардыруу үчүн айыптап жатат.

Ал эми шаршембиде Түркия өз чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Жераблус шаарында аскердик операциясын баштаган. Сириянын Тышкы иштер министрлиги Анкаранын бул кадамын кескин айыптап, операция Дамасктын уруксатысыз өткөрүлүп жатканын маалымдаган. Түрк бийликтери бул аскерий операция БУУнун уставынын алкагында өтүп жатканын белгилешти.

XS
SM
MD
LG