Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

ТИМ: Москвадагы өрттө каза тапкандардын он төртү кыргызстандыктар


Өрт чалган басмакана имараты
Өрт чалган басмакана имараты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен алынган расмий маалыматка ылайык, Москвада бүгүн болгон өрт кырсыгынан каза тапкандардын он төртү кыргызстандыктар болуп чыкты. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин Москвадагы өкүлү азыр окуя болгон жерде орус укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатышат. Каза тапкандардын жана жабыр тарткандардын аты-жөнү такталууда.

Өрт бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.​

Тилсиз жоодон он алты адамдын өмүрү кыйылды. Үчөө оор абалда реанимацияда жатат.

XS
SM
MD
LG