Бул тууралуу Германиянын экономика министри Зигмар Габриэль маалымдады. Анын айтуусунда, соода жана инвестиция боюнча Трансатлантикалык өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөр бир канча жылдардан бери уланып келе жатса дагы, тиешелүү натыйжа бере алган жок.
Берлинде сүйлөгөн кезинде Габриэль “эч ким муну мойнуна алгысы келбейт, ошентсе да, менимче АКШ менен сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок” деп билдирди. Немис министри белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн 27 беренеси боюнча, жолугушуулар болгону менен тараптар алардын бирөөсү да келише алышпады.