Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Баш мыйзамды өзгөртүүгө батыл аракет


29-август, 2016-жыл
29-август, 2016-жыл

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча коомдук талкуу дагы эки жумага узартылды.

Мындай чечим президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган фракция лидерлери менен жолугушууда кабыл алынды. Мындай чара Баш мыйзам айланасындагы талкууларды эске алуу максатын көздөөдө. Эксперттер президенттин аракетин Баш мыйзамды өзгөртүүнү аягына чыгарууга киришкени менен байланыштырууда.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Социал-демократтар, "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери чакырылган. Бул беш фракция Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул болуп, сунуштап чыгышкан. Ал эми Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылган эмес.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Социал-демократтар фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун айтымында, жолугушууда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча коомдук талкуунун мөөнөтүн дагы эки жумага узартуу чечими кабыл алынды:

- Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кошумча-алымчаларды эске алып, өзгөртүү киргизип, талкууну дагы эки жумага узартууну чечтик. Ушул эки жума ичинде дагы кандай сунуш-пикирлер болсо, алардын баарын карап көрүп корутунду вариантты даярдайбыз. Төрт фракциянын лидерлери талкуулардан кийин өзгөртүлгөн сунушту колдодук. Алар Социал-демократтар, "Республика - Ата-Журт", Кыргызстан, "Өнүгүү-Прогресс". "Бир Бол” фракциясы долбоор менен таанышууга убакыт сурап, азырынча кол кое элек.

Бул президент чечкиндүү түрдө Баш мыйзамды өзгөртүүгө киришкенин билдирет. Экинчиден, менин айтканым айткан, баштагандан кийин аягына чыгам деген мүнөзүн көрсөтүү го.
Алмамбет Шыкмаматов

Иса Өмүркулов кошумчалагандай, коомдук талкууга мөөнөттүн узарышы менен референдум өткөрүү датасы артка жылдырылышы мүмкүн. Мындай жол менен референдум декабрдын башында өтөт деп болжолдонуп жатат.

Президент менен жолугушууга катышкан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзам айланасындагы талкуулардан соң буга чейин сунушталган бир катар “жаңычылдыктар” четке кагылганын билдирүүдө. Төрөбаевдин айтымында, мындан соң да бир катар өзгөртүүлөр болот:

- Буга чейин сунушталган баалуулуктар деген жаңычылдыктар четке кагылды. Биздин эң башкы баалуулук - адам жана анын укугу деп калтырып жатабыз. Мындан башка да коомчулук жактырбаган өзгөртүүлөр алынат. Жакынкы аралыкта аларга коомчулук күбө болот.

Ошентип, парламенттеги беш фракция президенттин алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул экенин дагы бир жолу бекемдешти. Эми коомдук талкуу аяктаган соң референдумдун мөөнөтүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору парламент кароосуна киргизилет.

Эмил Жураев
Эмил Жураев

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, президент фракция лидерлери менен жолугушуусун эки багытта чечмелөөгө болот:

- Албетте, мындай жолугушууну президент, коомчулуктагы талкууларды эске алып жатканын көрсөтүүнү максат кылды көрүнөт. Бирок талкууну эки жумага узартуу эч нерсени чечпейт. Бул алдыдагы майрамдарды, Көчмөндөр оюнун өткөрүп туруп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө биротоло киришебиз деген ой болушу керек.

Ал эми президент менен жолугушууга лидери чакырылбаган “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү бүгүнкү жыйынды өткөрүү менен Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө чечкиндүү түрдө киришкенин айтышууда. Аталган фракциядан Жогорку Кеңешке депутат Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы саясий күчтөр өз аракетин уланта берерин билдирди:

- Бул президент чечкиндүү түрдө Баш мыйзамды өзгөртүүгө киришкенин билдирет. Экинчиден, менин айтканым айткан, баштагандан кийин аягына чыгам деген мүнөзүн көрсөтүү го. Бирок коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандар аябай көп болуп жатпайбы. Жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштадык дегенде деле моюнунан байлагандай болуп, муктаждыкты түшүндүрүп бере албай жатышат. “Керексиз нерселерден тазаладык” деп жатышат, байкайбыз го.

Баш мыйзамдын өзгөртүүгө байланыштуу саясий айдыңда, коомчулукта талкууларды жараткан. Конституция маселеси оппозициячыл күчтөрдүн кайсы деңгээлде биригүүсүн шарттаган. Конституцияны өзгөртүүгө каршылар атайын кыймылга биригип, талкуу өткөргөн. Ал талкууларда президенттин Баш мыйзамды өзгөрүү демилгесин бийликти узурпациялоо аракети катары сындалган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG