Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

"Көчмөндөр оюну": сапат жана чыгым


Ат майдандын курулушунан бир көрүнүш.
Ат майдандын курулушунан бир көрүнүш.

Парламент Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн Ысык-Көлдө курулуп жаткан имараттар менен жол курулушун тездетүүнү өкмөткө тапшырды.

Айрыкча депутаттар шашылыш башталган курулуш менен жолдун сапатына көңүл бурууну талап кылып, ага кеткен чыгымдын эмне себептен жогору болуп жатканына кызыгышты.

Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү даярдыктын жүрүшү менен тааныштырып, курулуш сапаты жана каржы чыгымдары боюнча жооп беришти.

Арасат абалдагы жол

Парламенттин тиешелүү комитеттери мурдагы өкмөт башчысын кызматтан кетүүгө аргасыз кылган калпыстыктарга карабастан Балыкчы-Корумду жолун каржылоону улантууга уруксат беришти. Буга байланыштуу жол курулушуна бюджеттен бир миллиард сом кароо жагы жактырылды. Анткени буга чейин жол курулушу токтоп калып, бир топ ыңгайсыздык жаралган.

Транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров тендер чырына шектелген Кытайдын “Лонг Хай” компаниясы менен бирге учурда 11 компания жолдо иштеп жатканын айтты. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тендер чыры боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгара электиги айгине болду.

Парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу министрди жол курулушуна бөлүнгөн чыгымды эми кылдат көзөмөлдөөгө чакырды:

- Жол курулушуна керектеле турган кум деле, шагыл деле, цемент деле Кыргызстандан чыгат. Анын бардыгын сырттан ташып келген жери жок. Бирок жол курулушунда бир чакырым жолдун баасы бир миллион доллар болсо, кээ бир жерде 500 миң долларга жетпейт. Сиз жаңы жетекчи катары ошонун бардыгын тартипке келтирип, жол куруудагы коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт деген ойдобуз.

Ат майдандын экинчи жолку курулушу

Мындан сырткары транспорт жана коммуникациялар комитетинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан ат майданынын курулушу боюнча маселе каралды. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды оңдоп-түздөө боюнча иштин жүрүшү жана анын айланасындагы тилкелерди көрктөндүрүүнүн келечек планы талкууланды.

Атмайдандын курулушу. 2014-жыл
Атмайдандын курулушу. 2014-жыл

КСДП фракциясынан депутат Данияр Аттокуров курулушту өз убагында бүткөрүү менен бирге эле ага кеткен чыгымдын өлчөмү боюнча маселени көтөрдү:

- Кокус, эгерде белгиленген мөөнөткө курулуш иштерин бүткөрө албай калсаңыздар эмне болот? Анткени азыркыдай жумуштун ырааты менен курулуш иштеринин убада кылынган мөөнөттө тапшырылат деш кээде кыйын болуп калат. Ошондуктан ишти тездетүү керек. Эгерде кечеңдей турган болсо, жоопкерчиликти ким алат? Ат майдандын имаратына кетчү чыгым бир топ жогору болуп жатканы боюнча маалыматтар чыгып жатат. Түшүндүрмө берип койгулачы.

Ат майдандын курулушун бүткөрүүнү өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги өзүнө алган. Бул агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Абдыкаров курулуш иштери долбоорлонгонго чейин башталып, анын натыйжасында учурда анын сметалык баасы өзгөргөнүн белгиледи:

- Бүгүнкү күнгө карата имаратты долбоорлоо аягына чыкты. Анын сметасы да даяр болду. Болжолдуу сметалык эсеп боюнча анын баасы азыр 1 миллиард 143 миллион сомго барабар болду. Смета ошол долбоор боюнча эсептелди. Мындан төрт ай мурун курулуш иштерин тез баштоо үчүн долбоору бүтө электе эле аны менен удаалаш эле баштаган болчубуз. Мына ошол сметалык долбоор боюнча аталган компания курулуш иштерин өз мөөнөтүндө тапшыра алат деген ишеним бар.

Чыгымдан башы чыкпаган бюджет

Бирок курулушка кете турган каражаттын өлчөмү депутаттар арасында күмөн саноо жаратты. Анткени буга чейин 2014-жылы Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн алдында дагы ат майданды тендерсиз шашылыш түрдө оңдоого жол берилип, анын аягы барып бир топ кылмыш иштерин козгоо менен аяктаган болчу. “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормонов бул жагдайга мындайча токтолду:

Раппопорт аллеясы, Чолпон-Ата
Раппопорт аллеясы, Чолпон-Ата

- Мындан эки жыл мурун да ушундай кысталыш шартта Көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп ат майданын курганбыз. Ошонун айынан чыр чатак чыгып, курулуш иштерин жүргүзгөн жигит камалып кеткен эле. Азыр эми дагы минтип чукул башталган курулуштун айынан эки жылдан кийин дагы бирөө-жарымы камалып кетпейби? Анткени жаңыдан куруп, кайра бузуп, кайрадан баштап эле бир жыйынтыктуу иш кыла албай жатабыз. Ошол эле кезде канчалаган мектептердин курулушу бүтпөй турат.

Ошол эле кезде өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев ат майдандын айланасына заманбап имараттарды курууга чет өлкөлөрдөн инвестициялык сунуштар түшүп жатканын билдирди. Бул үчүн ал көл жээгиндеги учурда ижарада турган 185 гектар жер аянтын трансформациядан өткөрүү зарылдыгы турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG