Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Бангладеште экстремисттик уюмдун лидерине чыккан өкүм күчүндө калтырылды


Бангладеш полициясы
Бангладеш полициясы

Бангладештин Жогорку Соту исламчыл партиянын лидерин жазалоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. 63 жаштагы Мир Касем Али 1971-жылы өлкөнүн эгемендиги үчүн күрөш маалында жасаган аскердик кылмышы үчүн деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган болчу.

Эми акыркы сөз президентте. Эгер ал айыбын кечпесе, Мир Касем Али дарга асылат.

Адвокаттардын айтымында, "Жамаат-и Ислам" партиясынын жетекчилиги жана соттолуучунун үй-бүлөсү президентке кайрылуу тууралуу чечим кабыл ала элек.

Соңку кезде Бангладеште экстремисттердин чабуулу күчөдү. 1-июлда алар Дакка шаарында кафеге кол салып, барымтага алынган 20 адамды өлтүргөн, көбү чет элдиктер болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG