Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Аба-ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 5-сентябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32 градус ысык болот. Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүзү 18…23 градус, Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус ысык болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21 градус жылыйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүзү 4…9 градус жылуу болот.

5-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 17…19°, күндүзгү температурасы 29…31° ысык болушу күтүлөт.

5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 19…21° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 3-сентябрда күндүз саат 15:00 21,6°, 4-сентябрда эртең менен саат 9:00 20,2° түздү.

XS
SM
MD
LG