Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 4-орунда баратат


АКШ менен Красноярск шаарынын көкбөрүчүлөрүнүн беттеши.
АКШ менен Красноярск шаарынын көкбөрүчүлөрүнүн беттеши.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи күндөгү байгелердин жана упайлардын эсеби боюнча орусиялыктар он алтын, эки күмүш, бир коло байге менен көч башында. Казакстандыктарда төрт алтын, эки күмүш, бир коло байге бар. Эки алтын, бир күмүш менен Грузия үчүнчү орунда. Кыргызстандын спортчулары бир алтын, үч күмүш, 10 коло байге менен төртүнчү катарда келе жатат.

4-сентябрда катышуучулар таяк тартыш жана казак күрөш боюнча беттешти. Көк бөрү, ордо, бүркүт салуу, далба ойнотуу, тогуз коргоол, мангала боюнча да оюндар болду. Бүгүн күрөштүн Гореш жана Гюлеш түрлөрүнөн таймаштар башталат. Ошондой эле салбуурун, ордо, тогуз коргоол, мангала жана көк бөрү боюнча беттештер уланат.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрда ачылып, айрым спорттун түрлөрүнөн алдын ала беттештер ошол күнү эле башталган. Расмий маалымат боюнча, 8-сентябрга чейин улана турган оюндарга 62 өлкөдөн келген 1000ден ашуун спортчу катышууда. Алар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашып жатат. Оюндарды чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 406 кабарчысы чагылдырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG