Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Үңкүр-Тоо: барымтадагылар бошотула элек


Үңкүр-Тоодогу телемунара
Үңкүр-Тоодогу телемунара

Үңкүр-Тоодогу “Кербен” радиорелейлик бекетте иштеген төрт кыргыз жаранды Өзбекстан барымтага алганына жарым ай болду.

Бейкүнөө барымтага алынгандардын жакындары алардын тагдырына тынчсызданууда. Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри аларды токтоосуз бошотууну суранганы менен, эки тараптуу сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга элек.

Күзөтсүз бекеттин күтүүсүз “коногу”

22-август күнү Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик бекетте кызматтык милдетин аткаруу учурунда өзбек куралдуу күчтөрү барымтага алган Абдумиталип Урманов, Урмат Бердалиев, Жеңиш Ташматов жана Нурбек Усупбаев азырынча бошотула элек. Өзбекстандын ички иштер органдары 26-август күнү аталган төрт кыргыз жараны аларга караштуу тилкеде мыйзамсыз жүргөн жеринен кармалды” деп маалымат тараткан эле. Барымтага алынгандардын биринин жубайы Ажар Шишкараева ага чейин эле телемунарага коркунуч бар экенине карабастан, эмнеге ал жерге аскердик күзөт коюлган эмес деген суроого жооп ала албай жатканын айтты:

- Ал жерде мурда айтылганына карабастан эч кандай куралдуу аскердик күзөт коюлган эмес. Анда иштегендерди жана телемунараны куралдуу кайтаруу жок болчу. Биздин чек арачылар Үңкүр-Тоого өзбек тик учагы конуп, анда иштеген кыргыз жарандарын барымтага алганга чейин эмнени карап отурганы белгисиз. Анткени коркунуч бар экени бардыгына эле белгилүү болчу. Азыр эми барымтага кармалып кеткендер тууралуу эч кандай кабар жок. Биздин бийлик “бошотобуз” деп жооткоткондон башка эч нерсе айта элек. Мына азыр алардын кармалып кеткенине 15 күн болуп отурат. Алар эмне болду деп чыдамыбыз чегине жетип бүттү...

"Настоящее время" программасынын тасмасы (орус тилинде)

​Бул окуяга 10-август күнү Ала-Букадагы суу сактагычтын аймагынан бир өзбек милициясынын кармалышы негиз болгон. Кыргызстандын укук коргоо органдары кийин ага акчалай айып салып, бошоткон. Андан соң өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычына эркин кирип-чыгууну камсыздоо талабын койгон. Жакында Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Эрлан Абдылдаев Германияда өткөн ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жыйынында Өзбекстандан кармалган төрт кыргыз жаранын токтоосуз бошотууну талап кылды. Бирок ага карата кандай жооп болгону белгисиз.

“Кербен” радиорелейлик бекетинде иштеген төрт жаран Өзбекстандын Жаңы-Коргон райондук милициясында кармалып турганы кабарлаган. ​

Отко майды ким тамызган?

Саясат талдоочу Эдил Байсалов бул окуяга түрткү берген жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Биз бул окуяда өзбек тарапты эле күнөөлөп, өзүбүздүн жетекчиликтин өтө чоң кемчилигин көңүл сыртында калтырып жатабыз. Анткени мындан бир канча жума мурун мына ошол суу сактагычтын аймагынан бир өзбек милициясын кармап, камакка алышкан. Чатак мына ошондо башталган. Анан өзбек тарап кирип келгенде аны бошотууга аргасыз болушкан. Өзбекстан мына ошого жооп кылды. Муну биз Атамбаев бийлигинин тактикалык жүрүш жасоодогу одоно катачылыгы десек болот. Анын кесепети карапайым жарандарга тийип жатат.

Кыргыз бийлиги бир нече күндөн бери барымтадагыларды бошотуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жарыялаган. Бирок мына ошол сүйлөшүүлөр кайсы жерде жана кимдер тарабынан жүрүп жатканы да белгисиз. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев үстүрт маалымат менен гана чектелди:

- Бизге өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалымат келди. Мына ошондон сырткары тышкы иштер министрликтеринин ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөр болгону айтылган. Азыр мына ошол сүйлөшүүлөр бүтө элек. Кандайдыр бир чечимдер болсо, ошондон кийин гана айтабыз да.

Өкмөттөр аралык сүйлөшүүдөн жыйынтык чыгабы?

3-сентябрь күнү Самаркандга Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга барган Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков өзбек премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан. Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов анда чек арага байланыштуу чыңалууну жөнгө салуу туурасында сөз болгонун билдирди:

- Бул жагдай талкууланып, төрт жаранды бошотуу боюнча маселе көтөрүлдү. Ошол маселенин алкагында жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу сөз болду. Эки өкмөт башчысынын жолугушуу учурунда алар эки тараптын тиешелүү бийлик органдарына чек арага байланыштуу бул маселени тез арада карап чыгып, чечүү тапшырмасын беришти.

Жогоруда сөз болгондой, 22-августта Өзбекстан тик учак менен Аксыдагы Үңкүр-Тоого он чакты куралдуу милиция тобун таштап, андагы радиорелейлик бекетте иштеген кыргыз жарандарын барымтага алган. Андан соң Ала-Букада кармалган өзбек милициясын бошотуу жана суу сактагычтагы Кыргызстандын өткөрмө бекеттерин алып салуу талабы коюлган. Анткени Кыргызстан Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстандан кайтарып алуу үчүн быйыл жазында андагы өткөрмө жолду жаап салган болчу.

XS
SM
MD
LG