Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

"Норильск никели" Далдыкан дарыясын булгаганын моюнуна алды


Зыяндуу калдыктар төгүлгөн дарыя.
Зыяндуу калдыктар төгүлгөн дарыя.

Орусиянын “Норильск никели" металлургия компаниясы Далдыкан дарыясы өндүрүштүк авариядан улам булганганын моюнуна алды.

Тагыраагы, Надеждинск металлургия заводунун калдык сактоочу жайынын дамбасы жырылганы компаниянын сайтында маалымдалат.

“Норникель” кырсыкты кара нөшөргө шылтады. Сууга кошулган темир кычкылы адамдарга жана дарыянын фаунасына коркунуч келтирбейт деп сооротууда.

Мурдараак компания дарыяасуусунун адаттан тыш көрүнүшүнө тиешеси жоктугун айтып келген.

Норильск шаарына жакын жердеги Далдыкан жана Купец дарыясынын жошолонгон сүрөттөрү 7-сентябрда интернетке жарыяланган. Андагы талкууларда сууга Надеждинск заводунун уулуу калдыктары кошулуп кеткени айтылган.

Учурда жаратылыш байлыктарын колдонууга көз салган федералдык кызмат иликтөө баштады.

XS
SM
MD
LG