Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Крымда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат


Орусия тарабынан аннексияланган Крымда 18-сентябрь күнү эртең менен 1164 шайлоо участогу ачылды.

Ошондой эле Орусиянын Киевдеги элчилигинде жана Одессадагы орус консулдугунда да бүгүн Мамлекеттик Думага добуш берүү участоктору иштеп жатат.

РБК жана украиналык 112.ua агенттиги маалымдагандай, эки участок тең Украин Улуттук гвардиясынын күчөтүлгөн көзөмөлүнө алынган.

Украин президенти Петр Порошенко 10-сентябрда Украинанын аймагында Мамлекеттик Думага шайлоо болбойт деп жарыялаган. Кремль болсо украин бийлигинин тыюу салганына карабай, элчиликтеринде жана консулдуктарында шайлоо өтөт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG