Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Сириядагы жарашуу үзгүлтүккө учурады


Сирия
Сирия

Сириядагы ок атышпоо аткарылбай, иш жүзүндө үзгүлтүккө учурады. Дем алышта АКШ баштаган коалициянын аба соккусунан Сирия өкмөтүнүн 62 жоокери мерт кетти, Алеппо шаары болсо бир жумалык тыныгуудан кийин кайрадан бомалоого учурады.

Калаага гуманитардык жардам жеткирүү дээрлик мүмкүн болбой калды. Аба соккусунан бир бала набыт болду, бир нече киши жараланды. Ок атышууну токтотуу, камоолдо калган калайыкка жардам жеткирүү жөнүндөгү макулдашуу АКШ жана Орусиянын арачылыгы менен түзүлүп, 12-сентябрда күчүнө кирген. Азыр болсо Кошмо Штаттар менен Орусия анын бузулушу үчүн бири-бирин айыпташууда.

17-сентябрда коалициянын курамындагы австралиялык учактар сириялык аскерлерге сокку ургандан кийин, кырдаал ого бетер оорлошту. Австралиянын коргоо министри Маризе Пен чабуулдардын анализи жүргүзүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG