Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Терактка шектелгендер алыстан үн катты


Ушул жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай элчилигин жардырууга катышы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн эки адам Түркияда болуп чыкты. Алар терактка тиешеси жок экенин айтууда.

Шектүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы консулдугуна өз ыктыяры менен барып көрсөтмө беришип, мекенине кайтып барса камакка алынарынан кооптонушууда.

Буга чейин Түркияда дагы бир издөөдө жүргөн шектүү жаран Кытай элчилигиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.

Издөөдөгүлөрдүн үнү

Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратындагы теракттан улам УКМК беш кишини кармап, дагы төрт адамга издөө жарыялаган. Атайын кызмат издөөдөгү адамдар Түркияда бекинип жүргөнүн айтып, алардын ысымдарын жарыялаган эле. Алардын арасында Бурханидин Жантөрөев жана Илияс Сабиров аттуу адамдар бар.

Бирок жогоруда айтылган эки адам 19-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы консулдугуна барып, өз ыктыяры менен көрсөтмө берип, кылмышка тиешеси жок экенин айтышты. Алардын бири Бурханидин Жантөрөев Бишкектеги терактка түздөн түз тиешеси бар деген Бактияр аттуу адам анын кол алдында бир айдан ашык иштеп кеткенин айтууда.

- Мен Түркияда ашкана иштетем. Бактияр деген бала бул жакка келип официант болуп иштеген. Бир айдан кийин эле кетип калган. Андан кийин ал баланы көргөн эмесмин. Мени ошо менен тааныштыгы бар деппи, айтор издөөдө жүргөндөрдүн катарына кошулуп калыпмын. Бирок, ушул жерден бир күнү мени кармап кетеби деп коркуп жатам. Ошондуктан өз ниетим менен элчиликке барып көрсөтмө берип келдим.

Жардыруудан кийин талкаланган имарат
Жардыруудан кийин талкаланган имарат

Издөөдө жүргөн Жантөрөевдин алты баласы тең Кыргызстанда. 30-августтагы Кытай элчилигиндеги теракттан кийин анын Кыргызстандагы үч тууганы шектүү катары УКМК кызматкери тарабынан кармалган.

Түркиядагы кыргыз консулдугунда көрсөтмө бергендердин катарында издөөдө жүргөндөрдүн дагы бири Илияс Сабиров да бар. Ал Түркияда тигүүчү болуп иштеп жатканын айтып, Кыргызстанга келсе дароо камакка алынарынан коркуп жатат.

УКМК болсо тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча издөөдөгү Жантөрөев жана Сабировдун билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок атайын кызмат ансыз деле көп маалыматты алдын ала жарыялап салганын мурдагы чекист Марат Иманкулов айтты:

- УКМК азыр гана тергөөнүн кызыкчылыгы дебестен башынан эле ушундай позицияны карманышы керек эле. Издөөдө жүргөндөрдүн ысымдарын ачык эле жар салып, бардыгын элге айтып салышты. Аны издөөдө жүргөндөр өздөрү дагы билип алып, өлкөгө келбей жатат. Адамдын тагдыры менен ойнобош керек эле, эми чын-төгүнүн билбей туруп аларды каралап салгандан ким утту?

Мамытов: адвокаты менен келсин

Ал эми Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов терактка тиешеси бар деп Түркияда издөөдө жүргөн кыргызстандыктар өлкөгө келип, өзүн актыгын далилдөөдөн башка жол жок экенин айтууда. Издөөдөгү адамдар канчалык көпкө өлкөгө келбей, билдирүүлөрдү бөтөн өлкөдөн тарата берген учурда, тергөөчүлөрдүн да күмөн саноосу күчөй турганын эстен чыгарбоо зарылдыгын Мамытов кошумчалады:

- Терактка тиешеси барбы же жокпу аны адвокаты менен чогуу Кыргызстанга келип далилдеши керек. Анан башка өлкөгө жатып алып “менин күнөөм жок” деп элчиликке же журналисттерге маалымат берген мыйзамга сыйбайт. Эгер келбей жатса, кандайдыр бир себеби бар да. Болбосо Кыргызстандын жараны болгондон кийин өзүңдүн ак экениңе ишенсең, коркпой-үркпөй келип, болгон суроолорго жооп беришиң керек.

30-август, 2016-жыл
30-август, 2016-жыл

Бирок 30-августтагы терактка тиешеси бар делип, издөөдө жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келбей турганын укук коргоочу Качкын Булатов белгилейт. Ал Кыргызстандагы тергөө жана сот системасы азыркыдай абалда турганда, тергөө иштери акыйкат болоруна ишенүү кыйын экенин айтат:

- Бүт дүйнө жүзү көрүп түрбайбы. Биздикилер ишти эртерээк жабуунун максатында бир тараптуу эле соттоп салат. Ошону билгендиктен алар Түркиядагы элчиликтен бери келе албай жатат. Биздин сот системасы, тергөө эл аралык ишенимден чыккандыктан, башка дагы кылмышкерлерди бербей жатышпайбы.

6-сентябрда издөөдө жүргөндөрдүн дагы бири Мубарак Турганбаев аттуу адам Бишкектеги Кытай элчилигиндеги терактка тиешеси жок экенин айтып, өзүнүн күнөөсүз экенин социалдык тармактарга жазып чыккан.

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Бийлик окуяны дароо теракт деп, жардырууну уюштурган адам өлгөнүн кабарлаган. Теракт Эгемендикке бир күн калганда болуп, расмий Бээжин Кыргызстандагы өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG