Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Укук коргоочу Орусияда мигранттарга жасалган мамилени ЕККУ жыйынында көтөрдү


Москвадагы өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндер.
Москвадагы өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ЕККУнун Варшавада өтүп жаткан жыйынында Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга жасалган мамиленин катаалдыгын белгиледи. Исмаилова жыл сайын 50 миң чамалуу кыргызстандык Орусияга иштегени кетерин, расмий эмес маалыматтар боюнча учурда миллиондон ашуун кыргызстандык Орусияда иштеп жатканын маалымдады.

Укук коргоочу Орусиядагы мигранттардын оор шарттарын белгилеп, алар эч кандай келишимсиз, укуксуз, арзан күч болуп берип жатканын айтты, буга мисал катары Москвадагы басмаканада өрттөнүп кеткен 17 кыз-келиндин өлүмүн келтирди. Ошондой эле ал жыл сайын Орусиядан 170тен ашуун мигранттын сөөгү келери тууралуу расмий маалымат бар экенин кошумчалап, ЕККУну Орусиядагы Борбор Азиядан барган мигранттар маселесине көңүл бурууга чакырды.

Бул тууралуу укук коргоочу өзү “Азаттыкка” билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча, быйылкы тогуз айда Кыргызстанга чет жактардан 171 мекендештин сөөгү апкелинген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG