Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү карайт. Мыйзам долбоору кабыл алынса аз өлчөмдөгү бажы жыйымы менен салык төлөөдөн качкандар үчүн кылмыш жазасы жоюлат.
Депутат Мавлуда Каландарзода Кылмыш кодексинде бажы жыйымы менен салыктарды төлөөдөн баш тарткандар үчүн 10 миң эсеп-кысап көрсөткүчү өлчөмүндөгү жаза караларын билдирди. Мыйзам долбоорунда ал көрсөткүчтү 2 эсеге (800 миң сомониге чейин) көбөйтүү сунушталууда. Башкача айтканда, бажы жыйымы менен салык төлөө боюнча карызы 800 миң сомониге жетмейинче жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
Парламент депутаты сунушталган өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөр менен компаниялардын 48 иш күнүнүн ичинде карыздарын төлөп кутулууга мүмкүндүк берерин билдирди. Учурда иштеп жаткан Кылмыш кодексинде андай мүмкүндүктөр каралган эмес.
Каландарзода өзгөртүүлөр менен толуктоолор ишкерлердин эркиндигин кеңейтүү максатында сунушталып жатканын белгиледи.
Азыркы мыйзамдарга ылайык, бажы жыйымы менен салыктарды төлөөдөн качуу үчүн сот жарандарды эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга укуктуу.