Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Горбачев АКШ менен Орусиянын тиреши "кооптуу чекке" жеткенин айтты


Михаил Горбачев
Михаил Горбачев

Мурдагы советтик лидер жана Нобел сыйлыгынын лауреаты Михаил Горбачев Сирия чатагынын айынан Орусия менен АКШнын тирешүүсү «дүйнөнү коркунучтуу чекке жеткиргенин айтты». Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

«Мен дүйнө коркунучтуу чекке жетти деп ойлойм. Кандайдыр бир аныктама бергим келбейт. Бирок муну токтотуу керек деп айткым келет. Биз диалогду жандантышыбыз зарыл. Аны токтотуу эң чоң жаңылыштык болду», – деди Горбачев.

Москва менен Вашингтондун алакасы Украинадагы чатактан кийин начарлап кеткен. Сириядагы согуштун токтобой жатышына да эки тарап бири-бирин айыптап келет. Жакында эле Орусия Калининградга атайын ракеталарын жайгаштырды.

Советтер Союзунун акыркы лидери катары Горбачев батыш менен алаканы жөнгө салып, кансыз согушту токтоткон. 1990-жылы ага реформа жүргүзүү аракети үчүн Нобел сыйлыгын ыйгарылган. (ST)

XS
SM
MD
LG