Ооган расмийлеринин билдирүүсүнө караганда, өкмөттүк күчтөрдүн жүздөй өкүлү талиптерге каршы соңку чабуулда мерт кетти.
Куралдуу кагылышуу Гилменд провинциясынын баш калаасы Лашкаргахтын жака белинде болду.
Чөлкөмдүн аймактык кеңешинин өкүлү Абдул Маджид Ахонзода 14-октябрда жасаган билдирүүсүндө соңку 10 күндө набыт болгон аскерлердин жана полициянын саны 200дөн ашканын айтты. Алардын жүздөйү 11-октябрдагы чабуулда курман болгон. Набыт кеткендердин 45и жай тургун болгон. Жарадар аскерлердин саны 100дөн ашты.
Расмий өкүлдөрдүн ырасташынча, учурда Гилменд провинциясы 2001-жылы АКШ күчтөрү талиптерди бийликтен кулаткандан кийинки эң оор кырдаалга туш болууда. “Талибандын” согушкерлери провинциянын басымдуу бөлүгүн өз карамагына алып, борбор шаар Лашкаргахты курчап турушат.