Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Сойкулукту калкалайт делген капитан кызматтан бошотулбаганы белгилүү болду


Сойкулукту калкалайт делген Свердлов райондук милициясынын кызматкери Пардабай Намазбаев кызматтан бошотулбаганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мындай маалыматты шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казыбаев да тастыктады. Анын айтымында, капитан Намазбаев окуядан соң Ленин райондук милициясына которулган. Учурда милиция кызматкери убактылуу гана кызматтан четтелди.

Милиция кызматкери сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды урушуп жатканы тартылган тасма интернетке тараган эле. Бул тасма тараган соң ИИМде териштирүү жүрүп, ал Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кызматкери Пардабай Намазбаев экени белгилүү болду. Капитан Намазбаев РИИБнин коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүн жетектеп келген.

Териштирүүдөн соң сойкуларды калкалаган капитанга алгач катуу сөгүш берилип, кийинчерээк кызматтан бошотулганын шаардык милициядан кабарлашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG