Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Орусия Берлин саммитинде өзгөчө бир алдыга жылыш болорун күтпөйт


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Бул тууралуу Чыгыш Украинадагы чатакты жөнгөрүү боюнча Берлиндеги саммиттин башталышына саналуу сааттар калганда орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Германия, Франция, Орусия жана Украина лидерлери Чыгыш Украина чатагын чечүү максатында 19-октябрда саммитке чогулушары белгиленген. Украин президенти Петро Порошенко да саммиттен “көптү күтпөсүн” билдирген.

Дмитрий Песковдун айтымында, Берлинде кырдаалды талкуулап, Минск келишимин аткарууга бөгөт болуп жаткан тоскоолдуктарды аныктоо маселеси коюлган. 2014-жылдын апрелинен бери Чыгыш Украинадагы Орусия колдогон жикчилдер менен Украина өкмөттүк күчтөрүнүн кагылышуусунан 9600 киши өлгөн. Германия жана Франция лидерлери орус президенти менен Сирия маселесин өзүнчө талкуулоону да белгилешкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG