Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Кишиликтүү болуу талабы жана сөөк коюудагы чатак


Диний сабатсыздык агрессияны жаратат
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:21 0:00

Диний сабатсыздык агрессияны жаратат. Талкуу. Видео тасма.

Кыргызстандын айрым жерлеринде кээ бир түркөйлөр мусулман эмес атуулдарыбызды көрүстөнгө койдурбай жатышса, христиан, бутпарас, ж.б. калктар басымдуулук кылган “каапыр” өлкөлөрдө мусулмандардын бейиттери үчүн атайын жайлар айкөлдүк менен тынч гана бөлүнүп берилүүдө.

Маркум Чыңгыз Айтматов бабалардын осуятын шуруга жаңыча тизип, “кишиликтүү бол” деген осуятты айтып бу дүйнөдөн кетти. Бул талап дагы эле күчүндө экендигин тарса (христан) динине өткөн айрым замандаштарыбыздын сөөгүн коюуга каршы чыккандар жана аларды секулярдык демократиялык мамлекеттеги бийлик өкүлү катары тизгиндей албаган жармач төбөлдөрдүн ыкшоолугу же төмөнкү деңгээли тастыктап турат.

Мен салттык түрдө “христиан өлкөлөрү” катары кабыл алынган Лондон жана Прага шаарларында байырлаган мусулман азчылыгынын далай турмуштук окуяларына күбө болдум. Кытайда да мусулмандардын көрүстөндөрүн учураттым. Кубанычы да, кайгысы да, жакшылыгы да, жамандыгы да Жер планетасынын эч булуң-бурчун тандабай ар пендеге келет экен.

ӨРНӨК

Бул шаарлардын ар кыл көрүстөндөрүнө да барууга туура келди. Ошондо көрүстөндөрдүн бир өңүрүндө мусулмандар да сөөк жашыруусу үчүн жай бөлүнгөнүнө күбө болдум.

Анан суроо туулбай койбойт экен: христиандар өз өлкөсүндө өлгөн мусулмандын сөөгүн жашыруу үчүн жер бөлүүгө милдеттүү да, берки мусулмандардын өлкөсүндө өлүүгө тарсалар үчүн эч уруксат жок, анткени өлкөнүн бүт бардык жери мусулмандарга гана таандык экен да?

Прагада бир кыргызстандык мигрант агабыз каза болгондо, анын сөөгүн “таптаза мусулман” болгон атажуртуна алып кетүү үчүн өтө көп акча талап кылынды (Орусиядагы мындай мүшкүл учур башынан өткөн кыргыздар бул түйшүктү жакшы билишет). Туугандары анчалык оокаттуу болбогон соң, өз ара акылдашып, маркумду ошол эле Прага шаарында жерге берүүгө макулдук беришет. Анан жер тандоо керекпи? Албетте.

Дагы бир түркмөн агабыз да капысынан Прагада кайтыш болду. Анын сөөгүн Түркмөнстанга алып кетүүгө да саясий жана башка себептерден улам эч мүмкүн болбоду. Анан аны да Прага шаарында жашырууга аргасыз болушту. Эми ага да көрүстөндөн жер тандоо азабы турду.

Прагадагы бийлик ага тоскоолодук кылдыбы? Кантсе да, чехтердин басымдуу көпчүлүгү христиандар эмеспи!

Мына ушул жерде айтаарым – христиандын сөөгүн жашырууга караманча каршы каршы болгон Ала-Букадагы, Кочкордогу жана башка кээ бир жерлерибиздеги айрым сабырсыз, толеранттуу эмес, мурдунан алысты көрө албаган исламчыларга жана алардан корунган билими тайкы аткаминерлерге караганда, Прагадагы христиандар жана секулярдык бийликтер алда канча кишиликтүү болуп чыгышты.

Мен ошол Прагадагы “Олшанка” көрүстөнүнө жай берилген маркумдардын бейиттеринин жанына барып, куран окудум. Мындагы көрүстөндүн мусулмандык бурчу берки христиандык жана коңшу иудейлик бөлүктөрдөй эле абдан таза экен; көрүстөндөгү атайын тейлөө кызматы бул жерде түбөлүк жайына тапшырылган маркумдардын мүрзөлөрүн динине карабастан таза кармап, жалпы көрүстөндү тим эле гүлдөтүп, барчу жолдорду бүт асфальттап коюптур.

“Бул жерге мусулмандарды койбогула!” деген бир дагы нааразы тарсаны учуратпадым.

КИШИЛИКТҮҮЛҮК

Жер планетасындагы киши баласынын эч бир динге карабастан аткара турган бир жалпы парызы бар. Ал – кишиликтүү болуу.

Кыргыз Республикасынын атуулдарынын эч бир динге чектелбеген бир жалпы парызы бар. Ал – кишиликтүү болуу.

Мен ошол Прагада мусулмандын сөөгүн эч көйгөйсүз эле көрүстөнгө жайгаштырууга уруксат кылган тарсалар бүт тозокко түшөт, ал эми сөөк коюу үчүн көрүстөнгө маркумдун жасатын алып келген тарсаларды таш бараңга алган өзүн “нагыз мусулман” деп санаган маңкурттар бейишке чыгат деп эч ойлобойм. Бул оюмду тигил дүйнөгө барганда да тастыктап кайталайм го дейм, саатым келгенде.

Теңирге (Аллага) шүгүр, “Чубак ажы Жалилов сыяктуу аркы-теркини мыкты аңдаган диниятчыларыбыз тарсанын сөөгүн коюуга бөгөт түзгөндөрдүн кылыгын сындап чыгышты”, деп мага айтышты.

Оторчулук доорунда, коңшуларды ачарчылык каптаган сталинизм заманында, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кыргызстанга ар кыл диндерге жана этносторго бөлүнгөн далай келгиндер келишкен. Далайынын өмүрүн кыргыздар сактап калган. Далайы набыт болгондо, кыргыздар алардын жасатын жерге коюуга көмөк кылган.

Азыркы Прагадагы калайык келгин мусулмандарга кандайча мамиле кылса, бабаларыбыз деле алыскы жана жакынкы тарыхыбызда ошондой эле айкөлдүгүн көрсөткөн.

Космостук саякат учурунда өлөсүңбү, мухит кезгендеби, Мекеде жүрүппү, же үйдө төшөктө жан таслим болосуңбу, айтор, сааты келгенде бул дүйнөдөн белгисиз дүйнөгө аттанасың. Балким, рухуң бейишке чыгат, бейиши болбосо, дагы башка жагына чыгат.

Бирок ушул дүйнөдө туруп кишиликтүү жашай албасаң, маркумга динине карабастан ызаат көрсөтө албасаң, анда чын эле Бардыгын Билген Кудурети бар Улуу Күч түркөйлүгүң жана бирөөгө бөөдө жамандык кылгандыгың үчүн чекеңден сыйлабайт чыгаар?

Бул макаланы мен, чынын айтсам, айрым жердештеримден уялганымдан жазып жатам. Билмексен же көрмөксөн болуп отуруп тура бергим келбеди.

Түркөйлүктүн айынан урмат-сыйга татый албай калган маркумдардын рухтары, эгерде чын эле бар болсоңор, кечиргиле!

Биз түркөйлүктү жоюуга аракет кылалы, сабаттуу бололу, айдыңдарды угалы!

Сабырдуу, ыймандуу болууга чакырган Абу Ханифанын, Фарабинин, Берунинин, Ибн Синанын, Баласагындын, Махмуд Кашгари Барсканинин жана, ошондой эле, башка ар түркүн диндеги жана ар кыл этностон чыккан даанышмандардын осуяттарын жана кишиликке чакырган чыгармаларын чындап окуйлу, киши бололу! Калыс, айкөл болууга чакырган “Манас” дастанын окуйлу!

Кишиликтүү бололу, чыныгы атуул бололу!

XS
SM
MD
LG