Ирактын өкмөттүк аскерлери жакындап келаткан Мосул шаарында жихадчылар 284 кишини өлтүрүшкөн. Массалык кыргын 20-21-октябрда болгон.
CNN өз булактарына таянып маалымдагандай, "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери аларды атып өлтүрүп, бульдозердин жардамы менен аң казып, көөмп салышкан.
Буга чейин Бириккен Улуттар уюму Мосулдагы 550 үй-бүлөнүн согушкерлер тарабынан барымтага алынышына жана алардын согушкерлер тарабынан тирүүлөй калканч катары пайдаланылып жатканына кабатырлыгын билдирген.