Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Баш мыйзам коалицияны таратты


Парламент
Парламент

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды. Фракция мунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгону менен түшүндүрдү.

Аталган эки фракция бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, аны колдоодон баш тарткан эле. Бийликчил партиянын саясий альянсты бузушунун негизги себептери эмнеде жана бул чечим өлкөдөгү кырдаалга кандай таасир этет? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналат.

Талкууга парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев катышты.

Бийлик партиясы коалицияны бузду

Бийлик партиясы коалицияны бузду

Парламентте башкаруучу коалиция тарады. Буга КСДП фракциясынын коалициядан чыгып кетиши себеп болду. Башкаруучу фракция өз кадамын “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикирлери келишпей калганы менен түшүндүрдү.

"Азаттык": Төрөбай мырза, парламентте Баш мыйзамга байланыштуу пикир келишпестик, ыйкы-тыйкы мамиле уланып келсе да коалициядан чыкканыңар күтүүсүз болду. Саясий альянстагы “Ата Мекен” жана "Өнүгүү-Прогресс" менен пикир келишпестик айынан ушуга барганыңыздарды айтып жатасыздар. Сыр болбосо ал эмне болгон түшүнбөстүк? Же буга аталган эки фракциянын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканы себеп болдубу?

Төрөбай Зулпукаров: Сентябрь айында Жогорку Кеңеш өз отурумун баштаган учурда коалиция көпчүлүктөн да, оппозициячыл азчылыктан да бир катар сындар айтылган эле. Анда алар коалиция де-юре иштегени менен иш жүзүндө жок болгонун айтышкан. Негизгиси, партиялардан келген фракциялар өз программасын сунуштап, анын негизинде коалициянын программасы иштелип чыгат.

Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети башталгандан бери коалициядагы фракциялар ичинде да ой-пикирлер чаржайыт болуп кетти. Пикир келишпестик күчөдү. Парламент быйыл каникулдан келгенден кийин биздин фракциянын лидери Иса Өмүркулов башкалар биз менен макул болбосо коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган. Ошондой эле башка фракциялар да бизге чакырык таштап, эгер силердин күчүңөр, алыңар жетсе, чыгып кеткиле дешти. Ошондон кийин биз ушул чечимди кабыл алдык.

"Азаттык": Ошол эле учурда мародерчулук, Бакиев, Акаевдердин кызыкчылыгын коргоо деген айыптарды айтып жатасыздар. Бул канчалык деңгээлде далилдүү? Эмне үчүн президентке сын айтылган соң ушундай дооматтар башталды? Кийин бул үчүн ыңгайсыз абалда калбайсыздарбы?

​Парламент: Конституция "жоголду"

​Парламент: Конституция "жоголду"

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулап, бул боюнча сунушталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Төрөбай Зулпукаров: Бүгүнкү күндөгү саясий кырдаал ушундай. Биздин фракцияда ар кандай ой-пикирлер айтылды. Айрым депутаттар коалициядан чыгууну оор кабыл алды. Айрымдар “Ата Мекенди” идеялаш партия деп аташты. Бирок көпчүлүк добуш менен биз ушундай жыйынтыкка келдик. Мародерчулук болобу же башка маселеби негизги чекитти сот гана коет. Ал эми бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгын биз укук коргоо органдарына жөнөтүшүбүз керек. Ошондуктан, ушундай оор айыптар турганда бизде ар кандай күмөн ойлор, келишпестиктер болуп турат.

"Азаттык": Исхак мырза, КСДП “Өнүгүү Прогресстин” дарегине да сын айтып, аны менен бирге боло албасын билдирди. Муну сиздер кандай кабыл алдыңыздар?

Коалициялык көпчүлүктөгү эң ири фракция көп маселеге көңүл бурбаганы көрүнүп турат.
Исхак Масалиев

Исхак Масалиев: Азырынча муну талкуулаган жокпуз. Жеке пикиримде, коалиция - бул көпчүлүк берген мүмкүнчүлүк. Ар бир фракция бул боюнча өз пикирин айтып, чыгууга мыйзам жол берет. Муну мыйзамсыз деп айта албайбыз. Мындан аркысы президент кимге коалицияны куроого мандат берет, кандай сүйлөшүүлөр болот ошого жараша болот го.

"Азаттык": Ошол эле учурда фракция жетекчиси Төрөбаев чечимди өзүмбилемдик деп атап, саясий өнөктөштүктү сыйлабастык катары баалады. Буга макулсузбу?

Исхак Масалиев: Фракция лидери туура эле айтты. Коалициялык көпчүлүктөгү эң ири фракция көп маселеге көңүл бурбаганы көрүнүп турат. Шайлоо мезгилинде же чечим кабыл алууга келгенде маселени ортого, коалицияга салып пикир алмашса, ашыктык болбойт эле. Ынтымак табылбай калды. Бул бир гана “Өнүгүү-Прогресс” менен КСДП ортосунда эмес, коалициянынт ичинде биримдик болбой калды. Дал ушундай абалга кептелген коалиция эртеби-кечпи кыйроого барат эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG