Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Саммитке байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 30-октябрда киргизилген мындай эреже 8-ноябрга чейин уланат.

Ички иштер министрлиги жарандардын тапанчалары убактылуу алынарын эскерткен. Саммит бүткөн соң куралдар мыйзамдуу ээлерине кайтарылат. Министрлик муну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп, этияттык чаралары “Мамлекеттик коопсуздук жөнүндө” мыйзамдын негизинде болорун билдирген.

Бишкекте саммит 3-ноябрда өтөт. Андан бир күн мурун Кытай Мамлекеттик кеңешинин преьмьеринин расмий сапары башталат. Мындан улам жол кыймылына чектөө киргизилери да эскертилди.(SE)

XS
SM
MD
LG