Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

AI: Ирактын аскерлери жайкын тургундарды кыйнап өлтүргөн


Мосулдан качкан ирактыктар качкындар лагеринде. 8-ноябрь, 2016-жыл.
Мосулдан качкан ирактыктар качкындар лагеринде. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Эл аралык Мунапыс уюму билдирип, Ирактын өкмөттүк аскерлери Мосул шаарынын жанынан кыштак тургундарын кыйнап, өлтүргөнүн ишаара кылган далилдерди топтогонун кошумчалады.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул укук коргоочу уюмдун эсебинде, октябрь айынын соңунда Мосулдун түштүк тарабындагы кыштактардан, “Ислам мамлекети” тобу менен байланышта деген шек менен атайылап өлтүрүлгөн адамдардын саны алтыга чейин жетет.

Аларды федералдык полициянын формасын кийген адамдар өлтүрүшкөн, айрымдарын кыйнаган.

Эл аралык Мунапыс Ирактын өкмөтүн бул окуяларды иликтөөгө чакырууда.

Азыр Ирактын өкмөттүк аскерлери, полициясы, жергиликтүү күчтөрдүн Пешмерга күчтөрү Мосул шаарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу аракетин көрүп жатат.

Аларга АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көргөзүүдө. Мосулду бошотуу операциясы төрт апта мурда башталган. (UE)

XS
SM
MD
LG