Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

67 өлкө жарандары 30 күн каттоосуз жүрүшү ыктымал


Мамлекеттик каттоо кызматы 67 өлкөнүн жарандары Кыргызстанда отуз күнгө чейин каттоосуз жүрө алат, деген токтом долбоорун өкмөткө сунуштоодо. Бул тууралуу 11-ноябрда “Тышкы миграция тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда маалым болгонун ЖК депутаты Абдувахап Нурбаев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран каттоодон өтпөсө 10 миң сом айып пул төлөйт деген мыйзамдын күчүнө кирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Айрымдар жаңы мыйзамдагы бул жобо туристтердин санын азайтат, коррупцияны көбөйтөт, кыргыз милициясы чет өлкөлүк жарандарды ого бетет жүдөтө баштайт деген кооптонуу айтышса, мыйзам демилгечилери өзгөртүүлөрдүн негизги себебин улуттук коопсуздук менен түшүндүрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG