Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

Орусияда Борбор Азиядан баргандар террорго шектелип кармалышты


Москва

ФСБ Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт жасоону көздөп жүргөн адамдарды колго түшүргөнүн “Интерфакс” кабарлады. Канча адам кармалганы так эмес, бирок арасында тогуз киши Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары экени айтылууда.

Шектүүлөрдөн колдо жасалган, күчтүү жарыла турган заттар жана куралдар табылган.

“РИА Новости” агенттиги колго түшкөндөр “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү экенин, теракт уюштуруу максатын көздөп жатышканын моюнга алышканын жазды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG