Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Белизден алынган жооп


Кыргызстандын бийлиги жарыялаган Белизден келген документтердин сүрөтү
Кыргызстандын бийлиги жарыялаган Белизден келген документтердин сүрөтү

“Азаттык” Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн Бишкекке келген документтерде аты-жөнү көрсөтүлгөн тараптар менен байланышып, маалымат алууга аракеттенди.

Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келди делген документтердеги “15753/2016” номерлүү апостилди "E. O. Pennil" деген адам 2016-жылдын 21-октябрында күбөлөндүргөнүн президенттин басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Ал адам Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил экенин "Азаттыктын" иликтөөсү көрсөттү.

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

“[Документ] Эмне жөнүндө экенин билбейм. Биз адвокаттын колунун аныктыгын гана тастыктайбыз. Адвокаттын аты - Раян Ж. Вробел”, - деди каттоочу Пеннил телефон аркылуу сүйлөгөндө.

Ал 2016-жылдын 21-октябрында адвокат Вробел төрт документке апостил койдурганын кошумчалап, алардын мазмунун текшерүү анын функциясына кирбей турганын эскертти.

Жарыяланган сүрөттөрдөн апостилди берген каттоочунун атын, ал кимдин колун күбөлөндүргөнүн жана датасын көрүүгө болот.
Жарыяланган сүрөттөрдөн апостилди берген каттоочунун атын, ал кимдин колун күбөлөндүргөнүн жана датасын көрүүгө болот.

Пеннилдин кеңсесинен "Азаттыкка" жөнөтүлгөн электрондук катта 21-октябрда адвокат Вробел алып келген төрт документке кандай номердеги апостилдер берилгенин жана ал документтер кайсы компаниялардын атына даярдалганы жазылган.

15752/2016 номерлүү апостил Old Trafford Number 7 Limited фирмасына, 15753/2016 номердеги апостил Volquardsen Inc. компаниясына, ал эми 15754/2016 номери менен Fornside Limited жана 15755/2016 менен CFIN Limited деген компанияларга апостил берилген.

14-ноябрда УКМК башчысы президент Атамбаевге берген документтердеги апостилдин биринде “15753/2016” номери көрсөтүлгөнүн эскертебиз.

“Ооба, ал документ Раян Вробелден келген. 15753/2016 номерлүү апостил Volquardsen ишканасына даярдалган документке берилген”,-деп тастыктады Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Пеннил.

Адвокат Раян Вробел 21-октябрда Белиздин Жогорку Сотунан алган апостилдердин тизмеси. Булак: Белиздин Жогорку Сотунун катчылыгы
Адвокат Раян Вробел 21-октябрда Белиздин Жогорку Сотунан алган апостилдердин тизмеси. Булак: Белиздин Жогорку Сотунун катчылыгы

Жогорудагы тизме айгинелегендей, адвокат Вробел апостил койдурган төрт документте тең "Белизгейт" окуясында аты аталып жаткан Avalon Consultants Limited, Southfields Management же “Альфа-Телеком” ишканаларынын аттары жок.

УКМК президент Атамбаевге көрсөткөн документтерде “Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колу көрүнүп турат. "Азаттык" Белиз шаарындагы “Wrobel&Co” менен байланышканда компаниянын жетекчисинин юридикалык жардамчысы Вианни Солис Кыргызстанга эч кандай документ жиберилбегенин айтты:

- Биз нотариалдык кызмат көрсөтөбүз. Эгер Вробел мырза кайсы бир документке кол койгон болсо ал күбөлөндүрүү жана апостил коюу үчүн кылган болушу мүмкүн. Биз мындай кызматты башка компанияларга сунуштайбыз. Биз документтерди [Кыргызстанга] президентке жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес. Нотариалдык кызмат үчүн бизге кайрылган өнөктөштөргө документтерди күбөлөндүрүп беребиз.

Дагы бир документтен Белиздеги жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин колун көрүүгө болот.
Дагы бир документтен Белиздеги жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин колун көрүүгө болот.

Вианни Солис алардын кеңсеси Кыргызстанга, же “Альфа-Телекомго”, же Avalon Consultants Limited компаниясына байланыштуу документтерди күбөлөндүргөнүн же күбөлөндүрбөгөнүн так айта албастыгын, алар документтердин көчүрмөлөрүн сактабай тургандыгын, болгону документке коюлган кишинин колун гана тастыкташарын билдирди. Белизден келген делген документтердин сүрөттүн аларга жөнөтүп, чын-бышыгын сураган катка “Wrobel&Co" жооп берген жок. Адвокат Вробелдин өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.

"Авалондун" таржымалы

Кыргызстанга келген документтердин интернет сайттарга жарыяланган сүрөттөрүнөн 4-апрель, 2012-жыл деген дата көрсөтүлгөн “Ишеним декларациясы” (Declaration of Trust) деген барак тиркелгенин көрүүгө болот. Баракта “Альфа-Телеком” компаниясында үлүшү бар деп айтылган Southfiled Management Inc. компаниясынын башкаруу ишеними Avalon Consultants Limited деген фирмага берилгени жазылган. Ал фирма Белиз шаарындагы Маркет Сквер көчөсүнүн 60 номерлүү имаратында катталганы белгиленген.

Апостилдин ичине тиркелген "Ишеним декларациясы". Ага ким кол койгонун сүрөттөн аныктоо мүмкүн эмес.
Апостилдин ичине тиркелген "Ишеним декларациясы". Ага ким кол койгонун сүрөттөн аныктоо мүмкүн эмес.

Фирманын пайда көрүүчүлөрү (бенефициарлары) катары “Ата Мекен” фракциясынын азыркы депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү, паспорт номерлери көрсөтүлгөн. Калган эки депутаттан айырмаланып анда Текебаевдин ички ID картасынын номери жазылган. Ошондой эле Текебаев тууралуу маалыматта Кыргыз Республикасы (Kyrgiz Republic) англисче ката жазылган.

Avalon Consultants Limited Белиздеги чет элдик ишканаларды каттоочу “Эл аралык бизнес компаниясында” катталганын “Азаттыктын” иликтөөсү көрсөттү. “Эл аралык бизнес компаниянын” реестринде Avalon Consultants Limited “иштебейт” деген статус менен турат. Ал эми бул фирманын дареги деп көрсөтүлгөн Белиз шаарындагы Маркет Сквер көчөсүнүн 60 номерлүү дарегинде башка бир нече ишкана катталганы аныкталды.

Белиздин "Маркет Сквер 60" дарегинде катталган фирмалардын тизмеси. Булак: offshoreleaks.icig.org
Белиздин "Маркет Сквер 60" дарегинде катталган фирмалардын тизмеси. Булак: offshoreleaks.icig.org

Интернет булактарын изилдөөдө Avalon Consultants Limited ишканасы жөнүндө бир катар эл аралык каржы уюмдары 2012-жылы эскертүү жасаганы такталды. Алардын арасында Белиздин эл аралык каржы кызматтары боюнча комиссиясы бар. Бул комиссия Avalon Consultants Limited Улуу Британияда акцияларды сатуу сыяктуу кызматтарды сунуш кылып, элге чалып жүргөнүн белгилеп, бул фирма менен иш алып барууда этият болууга чакырган. Ушундай эле эскертүүнү Британиянын Каржы кызматтары боюнча мекемеси да жасаган.

“Азаттык” Лондондогу Каржы кызматтары боюнча мекемесине байланышканда Avalon Consultants Limited фирмасы Британияда уруксат албай туруп, көз боёмочулук деп эсептелген иштерге барганын, мындан улам эскертүү жасалганын тастыкташты.

“Алар уруксаты жок ишмердүүлүк жүргүзгөн. Мындан улам кардарлар бул фирма менен байланышпашы үчүн сайтыбызга жана реестрибизге эскертүү жарыялаганбыз”, - деп билдирди британ мекеменин өкүлү.

"Авалон" компаниясы тууралуу Белиздин эл аралык каржы кызматтары боюнча комиссиясынын сайтына чыккан эскертүү, 2012-жыл.
"Авалон" компаниясы тууралуу Белиздин эл аралык каржы кызматтары боюнча комиссиясынын сайтына чыккан эскертүү, 2012-жыл.

“Азаттык” Avalon Consultants Limited фирмасына таандык делген www.avalon-consultants.com сайтынын буга чейинки тарыхын атайын сайттардын жардамы менен иликтегенде бул фирмага тиешелүү эч бир маалыматты тапкан жок.

“Альфа-Телеком” компаниясында үлүшү бар деп айтылган Southfiled Management Inc компаниясы да учурда иштебей турганы анык болду.

Үч депутаттын аты аталган сайт

Буга чейин Justice Information Network деген ачык вебсайтта "Альфа-Телекомдо" үлүшү болгону айтылган Southfiled Management компаниясы тууралуу маалымат жарыяланган. Анда үч кыргыз депутатынын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Интернеттеги текст акыркы жолу ушул жылы 20-июлда жаңыланганы көрүнөт. Бул текст Unitrust деген булактан 2015-жылы ачыкка чыкты делген маалыматтарга негизделген деп, ага шилтеме жасалган. Бирок Unitrust деген булакты интернетте табуу мүмкүн болгон жок.

Депутаттар тууралуу маалымат жарыяланган сайт.
Депутаттар тууралуу маалымат жарыяланган сайт.

Justice Information Network сайтына жарыяланган Southfiled Management тууралуу тексттин этегинде жогорудагы маалыматтын тактыгына кепилдик берилбейт жана соттун чечимисиз аты-жөнү аталгандар күнөөлүү деп саналбайт деп эскертилет.

Бул сайт маалымат алмашуучу платформа катары мүнөздөлгөн. Сайттын эрежеси боюнча ага катталган мүчөлөрү сайтка маалыматтарды, эскертүүлөрдү жарыялап, аларды бөлүшө алышат. Мүчө болуу үчүн атайын электрондук кат жөнөтүү керек. Бирок “Азаттыктын” кабарчысынын сайтка мүчө болуу өтүнүчүнө азырынча жооп келе элек.

Мындан тышкары бул сайттан көбүнесе Казакстан, Украина, Өзбекстан сыяктуу постсоветтик чөлкөмдөн келген маалыматтарды жана ал өлкөлөр издөө салган адамдардын тизмелерин табууга болот.

Белизден келди делген документтер боюнча дале белгисиз жагдайлар арбын. Жогоруда аттары аталган үч депутат бул документтер жасалма экенин айтышууда. УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев парламентте туруп документтер кандай жол менен келгенин айта албастыгын, бирок апостил оригинал экенине кепилдик берерин билдирди. Башкы прокурор Жолдубаева Белизден келген документтер боюнча иликтөө башталганын айтты.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG