Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Балаңдан акча аяба, ата-эне


Балет ийримине барган секелектер
Балет ийримине барган секелектер

Соңку кезде ата-энелер арасында балдардын билимине инвестиция салуу, түрдүү ийримдерге катыштыруу көрүнүшү кеңири жайылды. Ата-эне же бала тандаган ийримдер баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүп, эстетикалык тарбия берип, же жан дүйнөсүн байытууга өбөлгө түзөт. “Азаттык+” бул жолу шаардагы балдар ийримдерине баш бакты.

Алгач Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат мектебине келдик. Ар убак көчүп-конуп, жетишсиз шарттан тажаган машыктыруучу имаратты насыяга алып, окуу борборун ачкан. Мында төрт жаштан 17 жашка чейин 200гө чукул бала сабак алат. Арасында өлкөнүн көп жолку чемпиондору, эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү арбын.

Мындагы дээрлик ар бир баланын кыялы - чемпион болуу. Эгер спортчу алдыңкы орундарды ээлесе, анда сөзсүз чет өлкөлүк турнилерге жолдомо алат. Учурда сапарга жумшалган чыгымды федерация көтөрүп жатат. Бирок мындан он жыл мурун спорттун бул түрүнө көңүл кош мамиле болгон.

Шагыра илинген медалдын так санын 11-класстын окуучусу Диана Өмүрбекова өзү деле жакшы билбейт. Шахматка катышкан 11 жыл ичинде ал эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, спорт чебери, Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп, кыскасы дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө кыргыз туусун желбиреткен. Жакында эле Казакстандын Шымкент шаарындагы мелдеште мүмкүн болгон тогуз баллдан, 8.5 балл менен жеңишке жеткен. Анын шахматка болгон кадамы алты жашында башталган экен.

Шахмат адамдын аң-сезимин, шыгын өстүрүүгө жардам берет. Диананын айтымында, ар бир шахматчы оюн талаасында жеңишке жеткирчү жок дегенде 10-15 кадамды жатка билет. Бул жөндөм спортчулардын күнүмдүк жашоосун да алдын ала пландоого өбөлгө түзөт.

Диана үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Анын ата-энеси, бир туугандары шахмат менен жакындан тааныш. Мындан улам Диананын ар бир жеңиши, спорттогу кадамы анын жакындарынын көз кырында. Энеси Бурул ар бир турнирге интернеттен көз чаптырып турат.

Төрт-беш жаштагы көчөт кыздар устаты менен кошо балет өнөрүнүн алгачкы кыймылдарын кайталап жатышат. Кадимки балериналарга окшоп кийинип алган наристелер өздөрүнүн бийине өздөрү ыраазы. Мындай бий машыгуулар бир саатка созулат.

Шахмат ийримине барган балдар
Шахмат ийримине барган балдар

Төрт жашка чыгып калган Анелиянын балетке келгенине алты ай болду. Бийдеги жаңы кыймылдарды үйрөнгөнүн апасына айтып бергиче шашат. Дене мүчөлөрүнүн ийилчээк болушу үчүн татаал көнүгүүлөр да жасалат.

Аида Абдраева кызы келечекте кесипкөй балерина болбосо деле машыгуудан улам чыйрак болуп, эстетикалык табити өркүндөсүн деп аны балет студиясына алып келген.

Балет өнөрүн кадыресе өздөштүрүп калган Марито алты жылдан бери машыгат. Башында жөн гана кызыгып келсе, эми кесипкөй балерина болом деген кыялы бар.

Бишкекте балдарын балет өнөрүнө үйрөтүүгө кызыккан ата-энелер көбөйүүдө. Мындан улам Бишкекте төрт жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн жеке балет студиялары ачыла баштады. Бирок, наристелерди кесипкөй эмес бий ийримдерине берүү опурталдуу, атайын даярдыгы жок машыктыруучулар жаш жеткинчектерди туура эмес же ашыкча машыктырып ден соолугуна зыян келтирип коюшу мүмкүн. Балтыр эти толо элек наристелерди балет өнөрүнө үйрөтүү өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Акыркы бир-эки жылдан бери Бишкекте бир нече балет студиясы ачылды. Алардын баасы болжол менен ай сайын эки миң сомдон беш миң сомго чейин жетет.

Балаңдан аянба, ата-эне
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:55 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG