Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Так талашка даярдык кызыды


Шайлоого даярдык. 10-декабрь
Шайлоого даярдык. 10-декабрь

Президенттик шайлоону утурлай саясий күрөш талаасынын борборлору аныкталып, негизги күчтөр стратегиялык багыттарын аныктап, тактикалык жүрүштөрдү жасоого киришти.

Абсолюттук лидерликти камсыздоонун татаалдыгынан улам, президенттикке аттана турган айрым талапкерлер саясий альянстарды түптөө үчүн ымаласы бар күчтөрдү өзүнө тартууга белсенүүдө. Бийлик партиясы да айланасына күч топтоп, өзүнө имерилбеген саясий күчтөрдүн ага каршы биригип кетүүсүнүн алдын алууга кам көрө баштагандай. Саясат талдоочулар бул жараян Атамбаев-Текебаев тирешүүсүнүн алкагында жүрүп жатканын белгилешүүдө.

Жаңы саясий жагдай

Саясат талдоочулардын баамында, соңку мезгилдеги чуулгандуу саясий окуялар абалды өзгөртүп, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн турумуна таасир этти. Мына ушундай жагдайда президентке каршы чыккан “Ата Мекен” партиясы айрым саясий күчтөрдү өзүнө тартууга киришти. Бул партиянын талапкерлери Бишкек шаардык кеңешине шайлоого “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси менен бара жатат. Өмүрбек Текебаев Бишкек шаар кеңешинин шайлоосунда “Өнүгүү-Прогресс” партиясын колдоду. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеген топтон чыгып, “Ата Мекен” менен жакындашты. Бул саясий жээкке “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев дагы имерилген болчу.

Үч саясатчы бирикти

Үч саясатчы бирикти

Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын катарындагы Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев башында турган саясий топ бир партияга биригип, бир талапкер менен президенттик шайлоого бармай болду.

Парламенттин экс-депутаты, саясат талдоочу Бактыбек Калмаматов учурдагы жагдай бийликтин генералдык линиясынан сырт саясий альянстарды түптөөгө шарт түзгөнүн белгиледи:

- Азыр эми Атамбаевди дагы, Текебаевди дагы колдоп жаткан күчтөр жарым-жартылай болсо да жүзүн ачты. Ошол эле кезде “таразанын ташы каякка оойт экен” деп байкап турган саясий күчтөр да бар. Президент Атамбаев мындан үч-төрт ай мурун эле кебелбеген, эч ким аны солкулдата албай тургандай абалдагы күч эле. Бирок көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы Текебаев аны “азууга” салып, “майдалап” жиберди. Мындай жүрүштөр саясий абалды кескин түрдө өзгөрттү. Мындай кырдаалда мурда Акаевди дагы, Бакиевди дагы саясий күчтөр биригип “бирдиктүү фронт” деген усул менен жеңген. Азыр дагы мына ошого баратат. Саясий күчтөр позициялары туура келеби же келбейби, ага карабастан топтолуп жатышат. Бирок Атамбаев дагы жөн келчү күч эмес. Ал мындай учурда буйт берип, башка бир тактикага өтүшү мүмкүн. Мисалы мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо жарыялап жиберсе, президенттикке барам деген күчтөрдүн капчыгы бөксөрүп, анан биригүү форматтары өзгөрөт. Мындай жол бийлик үчүн азыр аябай ыңгайлуу болуп турат. Ошондуктан күч келип баратса, Атамбаев бийлиги мына ушундай кадам жасашы күтүлөт. Бул чыңалууну жөнгө салат жана бийликке каршы топтоло баштаган күчтөрдү чачыратат.

"Үчтүктөр союзу"

“Ата Мекен” партиясынан сырткары “Ак Шумкар” партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев дагы алдыдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Демократ” партияларын колдоп чыкты. Мына ошондон улам саясат талдоочулар алдыдагы президенттик шайлоого карата “Ата Мекен”, “Ак Шумкар” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын бир блокко биригиши тууралуу сөз кыла баштады. Анткен айрым маселелер боюнча бул үч партиянын саясий позициялары жакындаша баштаганы белгиленип келген.

“Ак Шумкар” саясий партиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова мындай саясий альянстын болушун жокко чыгарбайт:

- Мына ошондой альянс дагы болушу мүмкүн. Анткени азыркы учурда бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ал сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтыктала элек. Жаңы жылдан ары анын жыйынтыктары белгилүү болот го. Темир Сариев бир катар саясатчылар менен сүйлөшүп жатканы чындык. Жакында эле Темир Аргенбаевич Канат Исаев менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушуулар негизинен референдум жана жергиликтүү шайлоонун айланасында болуп жатат. Темир Сариев келген саясий партиялардын арасынан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Демократ” партияларын жактырып, аларды колдоорун билдирген.

Биригүүнүн бир мисалы

Анткен менен саясий күчтөрдүн көпчүлүгү президенттик шайлоонун астында башка бир топтор менен ирилешүү жана күчтөрүн бириктирүү пландарын расмий жарыялаша элек. Жакында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ата-Журт” партиясынын жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков менен бириккенин жарыялаган. Жалал-Абадда эл менен жолуккан үч лидер кимиси президенттикке барарын азырынча айтпаганы менен биригүүнүн максаты президенттик шайлоо экенин жашырган эмес.

Адахан Мадумаров буга чейин эле кеңири саясий альянс түзүү аракеттери болгонун төмөндөгүчө белгилеген:

- Мындан мурун быйыл жаз айларында эле биз “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев болуп өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз. Ал келишим негизинен бир муштумдай болгон чоң бир саясий күчкө биригүүнү көздөйт. Анда келечекте күчтүү бир саясий партияга айлануу маселеси коюлган. Мына ошол максаттар азыр ишке ашып жатат. Кыскасы, келечек үчүн ар кимибиз амбицияларыбызды тыйып, биригүү тууралуу чечим кабыл алганбыз.

Атамбаевдин амалы

Саясат таануучулар президент Атамбаев шайлоого барбаганы менен өз таасирин сактап калуу үчүн КСДПны жана анын жандоочу партияларын күчтөндүрүп жатканын жокко чыгарбайт. Бул саясий партия саясатты аныктап, негизги оюнчуларга таасир этүү мүмкүнчүлүгү жогору бойдон кала берүүдө. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттик амбициясы бар эки чоң саясий партиянын лидерине таасир этүүгө аракет жасаганы белгилүү:

- Бүгүн парламентте аң-сезимдүү оппозиция жаралды. Ал жакта азыр Бабанов менен Төрөбаев аябай системалуу иш алып барышууда. Менимче, ал экөө тең президенттикке талапкерлигин коюшат. Азыр эми бизде бардык нерсе бат өзгөргөндүктөн мен аны алдын ала болжолдобой эле коеюн. Эгерде алардын бири президент болуп калса мен таң калбайм. Мындай жыйынтык өлкө үчүн пайдалуу эле болмок. Анткени азыр жашы алтымышка жетейин деп калган же кырктын кырынан ашкан айрым доктор Апас сыяктуу маргинал саясатчылардын мезгили бүттү.

Муну саясат талдоочулар президент Атамбаевдин саясий күчтөрдү ага каршы биригип кетүүсүнө жол бербөө ишараты катары кабыл алышты. Президент Атамбаев менен башкы "атамекенчи" Текебаевдин тирешүүсү эки саясий лагерди аныктады. Анын катарын кайсы саясий күчтөр түзөрү эмдиги жылы жазында ачыкка чыгары айтыла баштады.

"Азаттыктын" архиви: Келечек үчүн бириктик

Мадумаров: келечек үчүн бириктик
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG