Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Ош: мэрдин айдоочусу айыппулга жыгылды


Кечээ Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өзүн ташып жүргөн кызматтык жолтандабас эреже бузганын моюнга алган.
Кечээ Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өзүн ташып жүргөн кызматтык жолтандабас эреже бузганын моюнга алган.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын ырасташынча, 13-декабрда шаардык мэрияга таандык 0001ZA номерлүү автоунаанын айдоочусуна жол эрежени бузганы үчүн 1000 сом өлчөмүндө жазана салынды. Ал жол чырак кызыл күйүп турганына карабай өтүп кеткенин жана шашылып атып мындай кадамга барганын моюнга алды.

Кечээ Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өзүн ташып жүргөн кызматтык жолтандабас эреже бузганын моюнга алган, патрулдук милициянын айыппул салуусуна каршы эместигин айткан.

8-декабрда мамлекеттик номуру даана көрүнбөгөн, бирок шаар башчыны ташыган кызматтык унаага окшош Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаанын жол эрежесин бузганы тартылган видео интернетте тарап, элдин кызуу талкуусуна түшкөн болчу. Ош шаардык патрулдук милициясы бул машиненин кимге таандык экени аныктала элек деген жүйө менен ачык айтпай жаткан. Караңгылатылган терезелеринен анын ичинде мэрдин бар-жогу көрүнгөн эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG