Ислам Каримов мезгилинде вице-премьер-министрлик кызматтан коррупцияга байланыштуу кызматынан четтетилген Ариповду Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев өкмөт башчылыкка сунуштаган. 14-декабрда парламент аны колдоп, добушун берди.
Ушул эле күнү Шавкат Мирзиёев президенттик кызматка киришүү алдында ант берүү аземинде сөз сүйлөп, министрлер кабинетинде чоң өзгөрүүлөр болорун, көп министрлер алмашарын билдирди.
Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. (AiT)