Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Cаид: Кыргыз экономикасында өсүш жай


Яхья Саид, Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү
Яхья Саид, Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү

Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү бул аптада Эл аралык Валюта корунун аткаруу кеңешинин жыйынында талкууланып, бул каржы уюмдун өкмөткө берип жаткан насыясынын кезектеги траншы (12.9 миллион АКШ доллары) жактырылды.

Эл аралык Валюта кору атайын билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнүн дарегине айрым сунуштарын да жолдоду. “Азаттык” ал сунуштардын чоо-жайын уюмдун Бишкектеги өкүлү Яхья Саидден (Yahia Said) сурады.

“Азаттык”: Эл аралык валюта кору Кыргызстандын экономикасына басым жумшарганы менен, кыска мөөнөттөгү божомол татаал бойдон калууда деп жатат. Мында сиздер эмнени эске алдыңыздар?

Яхья Саид: Кыргызстандын экономикасы үчүн жакынкы мезгилдин эң башкы көйгөйү өлкөнүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү Орусия, Казакстан жана булардыкынан азыраак ченемде Кытайда экономикалык ишмердиктин жайлаганы. Алардагы экономикалык жайлоо өз кезегинде мунайга, жаратылыштын башка ресурстарына баа төмөндөгөнүнө байланыштуу. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизип, аны артка тартууну уланта берет.

Ал эми орто жана узак мөөнөттү алганда, экономика элдин муктаждыгын канааттандыргандай, жакырчылыкты кыскартып, жашоо-шартты жакшырткыдай ыргакта өсүшү үчүн баары бир терең структуралык реформалар керек.

“Азаттык”: Ошол структуралык реформалар дегениңизди да бир аз чечмелей кетесизби, сиздин пикирде бул эмнени билдирет?

Калктын жашоо деңгээлин көтөрө ала тургандай экономикалык өсүш ыргагын кармаш үчүн экономикалык негиз өзгөртүлүшү керек.

Яхья Саид: Узак мөөнөттөн алганда Кыргызстан үчүн экономиканын структурасын алмаштыруу талап кылынат. Бирок бул биздин өлкөдөгү тикелей ишмердик чөйрөбүзгө такыр кирбейт.

Ал эми айтып жатканыбыз, калктын жашоо деңгээлин көтөрө ала тургандай экономикалык өсүш ыргагын кармаш үчүн экономикалык негиз өзгөртүлүшү керек. Башкача айтканда, акча которууларга, алтындын экспортуна, тышкы жардамга көз карандылыкты азайтып, өнүгүүнүн бөлөк - жеке сектордун жетекчилик ролуна негизделген, кызмат көрсөтүү, өндүрүш чөйрөсүндө ар кылка багыттагы экономикалык ишмердикке өтүү зарыл.

“Азаттык”: Сиздер мына билдирүүңүздөрдө экономиканын туруктуулугун чыңдап, буферлерди калыбына келтирүү үчүн структуралык реформалар менен катар жөндүү макроэкономикалык саясат да керек деп жатасыздар. Ал кандай саясат?

Яхья Саид: Эң биринчи кезекте фискалдык консолидация керек. Акыркы үч жылда тышкы карыз абдан ыкчам өсүп кетпедиби, андыктан тышкы карыздын көбөйүүсүн көзөмөлгө койгон фискалдык чараларды көрүү керек. Бул үчүн бюджеттин кирешесин көбөйтүп, чыгашасын азайта турган чараларды акыл-эстүү аныктоо зарыл.

Ал чаралар экономикалык өсүшкө тоскоолдук кылбастан, кайра көмөктөшүүсү абзел. Ошондой эле каржы секторундагы укуктук реформаны да улантуу зарыл. Биз банк мыйзамы акыр-аягында кабыл алынганына кубанычтабыз. Бирок бул чөйрөдөгү реформаларды да улантуу менен Улуттук банктын көз карандысыздыгын, банк чөйрөсүнө көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Ал эми узак мөөнөттөн караганда, экономика үчүн жеке да, укуктук да инфраструктура курууну улантуу, бизнес жүргүзүү үчүн шартты, салык системасынын эффективдүүлүгүн, бизнестин энергияга жетүү мүмкүнчүлүгүн, бизнес иштеген укуктук мейкиндикти жакшыртуу керек.

“Азаттык”: Жакшыртуу дегениңиз бардыгы эле айтып келе жаткан нерсе, Эл аралык валюта корунун өкмөт үчүн берген конкреттүү сунуштары барбы?

Яхья Саид: Биздин сунуштарыбыз мисалы, салык системасынын эффективдүүлүгүн көтөрүү, салык жыйноону, салык системасын татаалдаштырган, ошондой эле баарына бирдей шарт түзбөгөн жеңилдиктерди алып салуу менен байланыштуу. Биз ошондой эле каржы секторуна көзөмөлдү жакшыртуу багытында да көмөктөшүп жатабыз.

Экономикалык ишмердикти колдоодо өз ролун аткаруусу үчүн каржы секторунун капиталдашуусу керек. Биз иштеп жаткан багыттардын дагы бири - проблемалуу банктар менен иштөөнүн механизмин жакшыртуу. Анын оң жана терс таасири экономикалык ишмердиктин башка чөйрөлөрүнө да тийиши мүмкүн. Булардын сырткары биз фискалдык тартипке, макроэкономикалык абалга, акча-кредит саясатына да көңүл буруп жатабыз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:08 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Сиз, мына билдирүүңүздө Улуттук банктын көз карандысыздыгын күчөтүү зарыл деп жатасыз. Соңку кездери мыйзамга буга терс таасирин тийгизе алуучу өзгөртүүлөр киргизилдиби?

Яхья Саид: Иш жүзүндө Улуттук банктын көз карандысыздыгы бир мыйзам, чечим же мыйзамдын бир параграфы менен бүтпөгөн жараян. Бул жараяндын жүрүшүндө бийликтин башка бутактары, парламент менен иштөөгө туура келет. Кандайдыр бир деңгээлде Улуттук банктын көз карандысыздыгы эмнени туюндурары жана эмне үчүн зарылдыгы боюнча агартуучулук ишин да жүргүзүү талап кылынат. Биз мында акыркы жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан ушул жараянды улантуу жөнүндө айтып жатабыз.

Ал эми “Улуттук банк”, “Банктар жана банк ишмердиги” жөнүндөгү мыйзамга парламент жактырып, азыр президенттин кол коюусун күтүп жаткан соңку өзгөртүүлөр, биздин баяндамада көргөзүлгөндөй, алдыга карай, кыйла эффективдүү, кыйла заманбап банк мыйзамын орнотууга карай чоң кадам. Бирок мыйзамды жактыруу жараяны учурунда, анын ичинде президенттин ветосунда, коюлган максаттарга толук шайкеш келбеген өзгөртүүлөр да болду. Бул мыйзам алдыга көздөй чоң кадам болгону менен аны жакшыртуу үчүн кошумча иш жүргүзүү зарыл.

“Азаттык”: Кыргыз экономикасынын быйылкы жыйынтыгы, келерки жылдагы абалды боюнча соңку эсептериңиздер кандай?

Өсүш бар, бирок жетишсиз, чынында жай өсүш. Акыркы он, балким жыйырма жылдагы өсүш ыргактарынан кыйла төмөн.

Яхья Саид: Биз жыл аягына чейин экономиканын анча чоң эмес өсүшүн күтүп жатабыз. Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 2,6% тегерегинде же андан бир аз жогорураак болот. Тышкы факторлордун, атап айтканда, күйүүчү майга, тамак-аш продукцияларына баанын арзандыгынан улам инфляция да абдан эле төмөн. Кийинки жылга да өсүш ыргагы болжол менен ушундай эле болот. Өсүш бар, бирок жетишсиз, чынында жай өсүш. Акыркы он, балким жыйырма жылдагы өсүш ыргактарынан кыйла төмөн.

“Азаттык”: Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн, акчалай номиналдык көлөмүн сом менен эсептегенде көбөйүүдө, бирок тышкы карыз төлөнүүчү валюта - доллар менен эсептегенде өскөн жок, атүгүл азайып да кетти. Ушундай шартта, биз реалдуу өсүш бар деп айта алабызбы?

Яхья Саид: Албетте, биз ички дүң өнүмдүн номиналдуу өсүшү же анын доллар менен ченеми тууралуу эмес, реалдуу өсүшүн эсептеп жатабыз. Мында инфляцияга көз каранды болгон, дефлятор деген түшүнүк колдонулат. Номиналдуу ички дүң өнүм дефлятордун негизинде коррекцияланат жана мунун негизинде экономиканын реалдуу өсүшү эсептелет. Улуттук статистикалык комитетте мунун башка ыкмалары да бар. Биз айтып жаткан 2,6% же андан бир аз көп өсүш бул экономиканын реалдуу көлөмүнүн, экономикада жаралган кошумча нарктын көбөйүшү. Аны сом же доллар менен эсептелген номиналдык өсүш менен салыштырууга болбойт.

Ички дүң өнүмдүн доллар менен номиналдык ченеминде өсүштүн тескери болушу, реалдуу өсүш жок дегенди билдирбейт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG