Президент Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Делиде кыргыз-индия бизнес форумунда Кыргызстанда ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жакшы билерин айтты.
Мамлекет башчы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум маселесине да кайрылды:
- Чет жердик жана атамекендик басма сөздө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду президенттин ыйгарым укуктарын узартуу үчүн өткөрүп жатат деп жазышты. Эгер мен ошону кааласам, анда Кыргызстанда президент сан жеткис шайлангыдай кылууга жетишмекмин. Гэллап институтунун маалыматы боюнча, президентти калктын 80 пайызы колдойт. Бирок ага карабастан, мен Кыргызстанда жана Борбор Азияда президенттин ыйгарым укуктарын тынч жол менен өткөрүп берүү мисалын жараткым келди.
Мамлекет башчы Кыргызстанда бизнес бийликте ким турбасын, анын көзүн кароого тийиш эмес деп кошумчалады. Ошондой эле укук коргоо органдарынын реформасы тууралуу сөз кылып, ишкерлерди бир гана салык кызматы текшере турганын белгиледи. Ал индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, Тышкы иштер министрлиги менен президенттик аппаратка Индия жарандарынын виза алуу жол-жоболорун жеӊилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Атамбаев Индияга үч күндүк мамлекеттик сапар менен 18-декабрда барган. (NT)