Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Ош: жер бөлүшүүгө нааразы болгондор акцияга чыкты


Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылынын 100го жакын тургуну нааразылык акциясына чыкты. Алар айыл тургундарына бөлүнгөн 112 гектар кайрак жердин мыйзамсыз жол менен жеке ишканаларга берилишине нааразы болууда.

Озгур айылынын тургундарынын айтуусунда, аталган жер аянты “Ош курулуш” жана “Түштүк курулуш” аттуу ишканаларга мыйзамсыз бөлүнгөн. Бул ишканалар айыл чарба багытында пайдаланып келген жерди быйылтан тарта үй куруу үчүн бөлүп сата баштаган. Буга байланыштуу Озгур айылынын тургундары облустук бийликтен бул маселени карап, чечип берүү талабын коюшууда.

Облустук бийлик өкүлдөрү бул маселе боюнча комментарий бере элек.(BkA/YI)

XS
SM
MD
LG